Жалал-Абадда жер титирөө катталды

10-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 45

Жалал-Абад облусунун аймагында кечээ, 9-февралда саат 10:39да очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөө Чаткал районунун Терек-Сай, Бузук, Жаңы-Базар, Курулуш айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

10-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X