Жалал-Абаддагы ири Майлуу-Суу лампа заводунун иши жанданат

11-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 35

КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев барып, заводдун ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен жеринен таанышып чыкты.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Майлуу-Суу лампа заводунун жалпы мүмкүнчүлүгүнөн 30 пайыздык жумуш аткарылып жатат. Бул жайдын башкы маселеси өндүрүлгөн лампаларды сатуудагы кыйынчылыктар экени белгиленди. Ага байланыштуу жумушчулардын жана өндүрүштүн ыргагы басаңдаган.

Облус башчысы ири заводу натыйжалуу пайдалануу керектигин айтып, Майлуу-Суу лампаларын мамлекеттик мекемелерге сатууну жолго коюу демилгеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунушталаарын билдирди. Бул шаар калкынын басымдуу бөлүгүн жумуш менен камсыздаган заводдун ишин жандантуу жана ата-мекендик өндүрүштү колдоо аракети экенин айтты.

Майлуу-Суу лампа заводунун курулушу 1964-жылы башталган. Ал эми 1967-жылы алгачкы өндүрүмүн чыгара баштаса, 1974-жылы 1 млрд. электр лампаларын өндүрүүгө жетишкен.

Бүгүнкү күндө электр лампочкаларынын 40ка жакын жогору сапаттагы  түрлөрү чыгарылып, 350 кызматкер эмгектенет. Завод 2021-жылы 62 млн. 500 миң даана лампа даярдаган.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 26 миңдей калк жашайт.

11-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 35

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X