Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлагандай, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Барскоон айыл аймагында жайгашкан жалпы 2,4 гектар жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө айыл чарба багытындагы жерлер жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө өтүп кеткендиги аныкталган. Жер тилкелери жалпы 27 миллион 552 миң сом деп бааланды.

