Жалпы республикалык тестирлөө 23-28-май күндөрү өтөт
Кыргызстандын Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева быйыл өлкөдө Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүү үчүн катталгандардын саны балтыркы жылга салыштырмалуу 5 миң адамга көп болгонун билдирди.
Жалпы катталгандардын саны 47,6 миң адам болгон.
Белгилей кетсек, быйыл 11-классты 68 миңдей окуучу бүтүрөт. Тестирлөө 23-28-май күндөрү өтөт.