Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Тургумбаев:
Жамалбек Жумадилович Тургумбаев 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктагандан тартып эле неврология багытында тынымсыз эмгектенип келе жаткан республикадагы белгилүү адистердин бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө ал Улуттук госпиталдын Неврология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, көптөгөн илимий эмгектердин автору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы. Биз ага неврология ооруларынын маселелери боюнча бир нече суроолор менен кайрылдык.
— Жамалбек Жумадилович, неврология багытындагы адис катары неврологиялык ооруларга жалпы мүнөздөмө берип кетсеңиз? Неврологиялык оорулардын пайда болуу себептери жөнүндө да түшүндүрмө берсеңиз?
— Негизинен адамда болуп жаткан ар кандай кыймыл, түшүнүү, сезүү, кабыл алуу, ойлонуу, пландаштыруу, жыйынтык чыгаруу, байланыштыруу ж.б.у.с. процесстердин бардыгы мээ тарабынан ишке ашырылат же мээ ортомчулук кылат. Жөнөкөйлөтүп айтканда мээ адам денесинин бардык функцияларын уюштурат жана көзөмөлдөйт дегенди билдирет. Бирок, бул органдын иштеши ар дайым эле оптималдуу боло бербейт, анын туура иштешине таасир эткен кырсыктар же оорулар болушу мүмкүн. Мындай учурда денеге бүтүндөй бир катар олуттуу таасирлерди берип, ооруларды алып келип, анын өлүмүнө чейин жеткизиши мүмкүн. Неврологиялык оорулар — бул нерв системасынын каалаган жеринде жайгашкан патологиялар же борбордук нерв системасында (мээ менен жүлүн кирет), же башка четтик нервдерде жайгашышы мүмкүн жана алардын иштешин бузат же өзгөртөт. Бул бузулуулардын белгилери ар кандай болушу мүмкүн. Алар организмдин каалаган системасында тартыштыкты жана ашыкча нейрон активдүүлүгүн пайда кыла алышат.
Неврологиялык оорулардын пайда болушуна жугуштуу оорулар (менингит, полиомиелит, энцефалит) мээ кан тамырларынын кескин түрдө бузулушу (инсульт), ага себепкер болуп кан тамырлардын атеросклерозу, гипертония, кант диабети, нерв системасынын кырсыкка чалдыгышы, шишиктер жана аутоиммундук оорулар эсептелинет. Нерв оорулары органикалык (нерв системасынын структуралык өзгөрүшү) жана функциялык (чарчоодон, катуу кайгыруудан болуучу невроздор) болуп бөлүнөт.
— Киши өзүнүн неврологиялык оору менен жабыркап калганын кантип билсе болот?
— Нерв ооруларынын башталышы ар кандай болушу мүмкүн. Кескин түрдө да пайда болгон ооруларга талма, инсульт, менингит, энцефалит, миелит, полиомиелит, пароксизмалдык миоплегия жана полиневриттер кирет. Бул ооруларда кескин түрдө баш оору, баш айлануу пайда болот, көңүл айныйт, кусат, эс-учун жоготот, буту-колу шал болушу мүмкүн, сүйлөй албай калат, көрүүсү начарлайт же бир нерсе эки-үч болуп көрүнөт ж.б.у.с. Кээ бир неврологиялык оорулар акырындык менен жогоруда айткан симптомдор жана уйкусу качып, эске тутуу мүмкүнчүлүгү акырындык менен 3-5 күндө, кээде бир-эки айдын тегерегинде күчөп кете берет. Бир-эки жылга созулган оорулар да бар, айрыкча аутоиммундук жана тукум куучулук мүнөзүнө ээ болгон оорулар.
— Неврологиялык ооруга чалдыкпас үчүн алдын ала кандай чараларды көрсө болот?
— Биринчиден, нерв ооруларына алып келүүчү себептерден айрылыш керек. Булар – күнүмдүк стресс, гипертония, кант диабети, гиперхолестеринэмия, мээ кырсыгы, инфекциялык оорунун күчөшү, уулануудан сактануу (өзгөчө баңги зат, алкоголь ичимдиги) болуп саналат. Мисалы, кан басымын, кандагы канттын деңгээлин, холестерин бүртүкчөлөрүнүн көзөмөлдөө жана күнүмдүк кыймыл менен элибизди каптаган инсультка чалдыгуу мүмкүнчүлүгүн үч эсе азайтса болот. Экинчиден, организмди чыңдоо, эмгек менен эс алууну айкалыштыруу зор мааниге ээ жана туура. Өз учурунда витаминдештирилген тамактануу, уйкуну кандыруу, күнүмдүк стресстерге ашыкча маани бербөө жана жеңил кабыл алуу (оорунун баарысы нервден деп бекер айтылган эмес), ар дайым кыймыл аракетте болуу (басуу, физикалык көнүгүүлөр), өз учурунда дарыгерлерге кайрылуу жана сунуштарын так аткаруу менен көп неврологиялык оорудан сактанса болот.
— Неврологиялык ооруларды дарылоо кандайча жүргүзүлөт?
— Дарылоо оорунун себебине жана жабыркоо мүнөзүнө жараша жүргүзүлөт. Кээ бир нерв оорулары түнкүсүн күчөп, натыйжада адам уктай албай кыйналат. Уйкунун төмөндөшү кошумча көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Андыктан нерв оорусунун ушул түрү менен ооруган адамдар дарылануусун эрте башташ үчүн үй-бүлөлүк дарыгери менен сүйлөшүшү керек. Нерв оорусу көбүнчө прогрессивдүү мүнөзгө ээ, анын негизги себебин (гипертония, диабет, инфекция, травма) өз учурунда дарылап, көзөмөлдөп туруу абзел. Ал эми кескин түрдө пайда болгон неврологиялык ооруларды өз учурунда, кандай гана болбосун оорулуунун мүнөзүнө, жашына карабай ооруканага жеткирүү керек. Канчалык тез келсе, айрыкча инсультта жапа чеккен жерин ордуна келтирүү мүмкүнчүлүгү дарыгерлер үчүн ошончолук жеңил болот.
— Өзүңүз жетектеген неврологиялык бөлүмгө кандай пациенттер кайрылышат? Бөлүмдүн аткарып жаткан иштерине да токтоло кетсеңиз?
— Мен Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын кескин түрдө пайда болгон неврологиялык оорулууларды дарылоо бөлүмүн жетектейм. Негизинен биздин бөлүмгө кескин түрдө пайда болгон бардык неврологиялык оорулуулар, гипертония же атеросклероздун негизинде инсультка чейинки кескин пайда болгон мээнин кан айлануу системасынын бузулушуна кабылгандар, белгисиз себептен биринчи пайда болгон жана статуска айланган эпилепсия (талма) оорусуна чалдыккандар, башы айлангандар, менингит, энцефалит, миелит жана башка шал болгон ар түрдүү неврологиялык оорулуулар кайрылышат. Биздин кечиктирилгис неврологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүбүз өлкөдө жалгыз болгондуктан күнү-түнү дебей оорулууларды кабыл алабыз. Жогорку деңгээлде болбосо дагы, оорулуулар үчүн жетишээрлик шарт түзүлгөн. Бөлүмдө жогорку квалификациядагы дарыгерлер жана медайымдар иштешет. Айрыкча акыркы убакта ковид оорусунун неврологиялык жактан өтүшкөн оорулуулардын кайрылуусу болуп жатат. Мунун негизги себеби, өз учурунда ковидден толук дарыланбастан, дарыгерге кайрылбагандыктан болуп жатат десек болот. Ковиддин неврологиялык өтүшкөн учуру дарылоого бир топ кыйынчылыктарды туудурат экен, бирок ага карабай жетишээрлик жардамыбызды берип жатабыз. Дары-дармектер жетиштүү, дарыларын өз учурунда берип, психологиялык жактан дагы көп иштешке туура келет экен. Дартты аныктоо үчүн көпчүлүк пациенттерибиздин кошумча текшерилүүгө мүмкүнчүлүгү болбой калган учурлар бар. МРТ жана КТ деген мамлекеттик болбогондуктан, жеке менчик медициналык борборлордон акысыз өтө алышпайт. “Баарысын алып бергенге убада берем, жеке менчиктен кем калышпаган клиника болобуз” — деген биздин башкы дарыгерибиз Т.И.Маанаевдин демилгеси ишке ашсын деп колдоп эле турабыз. Муну айтканымдын себеби, Токтобай Исраилович акыркы бир жылдын ичинде биздин госпиталга бир топ заманбап дарыгерлердин ишин жеңилдеткен диагностикалык, дарылоочу жана лабораториялык жабдууларды ишке киргизди. Биз кээде республикадагы медициналык клиникалардын ордосу болгон Улуттук госпиталда иштеп жатып айрым бир текшерүүлөрдү жеке менчик клиникаларга жөнөткөнүбүзгө уялабыз. Анткени, мындай көрүнүш мамлекеттик борбордук медициналык клиниканын кадырын көтөрбөйт деп ойлойм.
№39 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 26-апрели
Абдимухтар Абилов