«Жаңы күүлөр» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 83

Комузчулардын чыгармачылыгын колдоо жана улуттук музыкалык мурастарды өнүктүрүү максатында республикалык «Жаңы күүлөр» кароо-сынагы өткөрүлдү.

Сынакта комузчулар өздөрүнүн автордук, буга чейин жарыяланбаган күүлөрүн тартуулашты. Калыстар тобунун чечими менен мыкты чыгармалар тандалып, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Жыйынтыгында баш байгеге Эмилбек Ишенбек уулу татыктуу болуп, 150 миң сом алды. Биринчи орунду Зайнидин Иманалиев (100 миң сом), экинчи орунду Бек Алагушов жана Элеман Каныбеков (80 миң сомдон), үчүнчү орунду Рысбек Жунушев жана Эрбол Абдраимов (70 миң сомдон) ээледи.Возможно, это изображение кларнет, скрипка и текст

Ал эми кызыктыруучу сыйлыктар Бейшенбек Сыдыков менен Рысбек Жунушевге (50 миң сомдон) тапшырылды.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков катышты.

Мындан тышкары, маданият, искусство жана кино тармактарында үзүрлүү эмгектенип, өлкөнүн маданий өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге министрликтин Ардак грамоталары жана «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгилери тапшырылды.

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 83
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X