Жаңы-Маала конушунда жашоочулардын документ алуу маселеси каралууда

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 50

Ош шаарындагы Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү жана алардын документ алуудагы көйгөйлөрүн чечүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда конуш тургундарынын укуктук абалы, документтерди тариздөө жана бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору каралды.

Документтери жок жарандарды, анын ичинде жашы жете элек балдарды аныктоо максатында 2026-жылдын 11-31-август күндөрү конуштун 11 көчөсүндө үймө-үй кыдыруу жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө кожолуктардын жана жашоочулардын саны такталган.

Белгилей кетсек, Жаңы-Маала конушу 2024-жылдын март айында административдик-аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунан Ош шаарынын административдик карамагына өткөрүлгөн.

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 50
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X