"Эркин-Тоо"

Жапаров мурда казинолорду ИИМ калкалап жүргөнүн айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин казино иштеткендерди Ички иштер министрлиги калкалап келгенин моюндады.
Ал казино ачууга уруксат берилгенден кийин жашыруун иштеп жаткан кумарканалардын баары жабыларын белгиледи.
«Мурда ИИМ калкалачу, азыр калкалабайт, УКМК калкалабайт, мен калкалабайм. Казинону биз ачпайбыз, келген инвесторлор иштетет. Чет мамлекеттин жараны гана келип ойногудай шарт түзүп жатабыз. Эгер талаптарды аткарбагандар болсо, камаганга чейин барабыз», — деди Жапаров.
Ал ошондой эле 2011-жылы кумар оюндарына тыюу салынгандан кийин Россиядан, Казакстандан, Кытайдан адамдар көп келип ойногонун белгиледи.
Мындан сырткары, өкмөт башчы кумаркана ачууга уруксат берилсе алты миңден 12 миңге чейин жумуш оруну түзүлөрүн кошумчалады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!