Ала-Арча паркында тогуз ай бою иштеген лыжа базасы кайрадан жанданат. Бул тууралуу аталган парктан билдиришти. Маалыматка ылайык, совет маалынан калган лыжа базасы урап, жараксыз болуп калган. Объект жакын арада оңдолот. Эске салсак, 1-майдан тарта бул эс алуу жайына жеке унаалар киргизилбейт. Эми конокторду өткөрмө пунктунан парктын ичине чейин электр унаалары ташып турат.