Жарандар эми жалпы жарандык паспортту чукул мөөнөттө алышат
Бүгүн, 31-майдан баштап Кыргызстандын жарандары чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк берген жалпы жарандык паспортту кыска мөөнөттө алуу үчүн документтерди тапшыра башташты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Жалпы жарандык паспортту жарандар чукул арада — үч саатта, эки, төрт жана сегиз күндө ала алышат.
Ага төмөнкүдөй акча төлөнөт (банктын кызматын кошкондо):
- 8 күн — 2 300 сом;
- 4 күн — 2 665;
- 2 күн — 3 010;
- 3 саат — 6 475.
Атын, атасынын атын, фамилиясын жана улутун өзгөртсө мамлекеттик пошлинадан улам 100 сомго кымбатыраак болот:
- 8 күн — 2 400 сом;
- 4 күн — 2 765;
- 2 күн — 3 110;
- 3 саат — 6 575.
Жоголуп кеткен же айрылып калган жалпы жарандык паспортту алмаштыруу (банктын кызматы менен мамлекеттик пошлинаны кошкондо):
- 8 күн — 2 500 сом;
- 4 күн – 2 865;
- 2 күн — 3 210;
- 3 саат — 6 675.
Жаңы муундагы паспорт Жарандык авиация боюнча эл аралык стандартка ылайык келет.
Документтерди толтуруу жана биометрикалык маалыматтарды тапшыруу Калкты тейлеген ар бир борбордо жүргүзүлүп жатат. Даярдоо мөөнөтү — 18 иш күн. Паспорт 10 жылга жарактуу, баасы 885 сом.