Жаратылыш кырсыгынан түшүмү жабыркаган дыйкандарга компенсация берилет
Кыргызстанда дыйкан-фермерлердин түшүмүн жаратылыш кырсыктарынан камсыздандыруу системасы кайра жанданууда. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму күздүк жана жаздык буудайдын түшүмүн ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча жаңы продукт иштеп чыкты. Алгачкы этапта пилоттук долбоор Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылат.
Жаңы механизм дыйкандарды кургакчылык, мөндүр, үшүк, сел жана башка табигый кырсыктардан улам келип чыгуучу каржылык чыгымдардан коргоого багытталган.
Кандай тобокелдиктерден камсыздандырылат?
Жаңы камсыздандыруу продукты күздүк жана жаздык буудай үчүн ар кандай коргоо шарттарын камтыйт.
Тактап айтканда, күздүк буудай катуу сууктан үшүп кетүү, калың кар, муз катмарынын пайда болушу жана өсүмдүктөрдүн чириши сыяктуу тобокелдиктерден камсыздандырылат.
Ал эми жаздык буудай кургакчылык, мөндүр, катуу шамал, нөшөрлүү жаан, сел, суу ташкыны жана жазгы кеч үшүк сыяктуу жаратылыш кырсыктарынан корголот.
Кимдер катыша алат?
Пилоттук долбоорго Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарындагы дыйкан-фермердик чарбалар жана айыл чарба ишканалары катыша алышат. Камсыздандырууга алынуучу айдоо аянтынын жалпы көлөмү кеминде 2 гектар болушу шарт.
Фермерлер өздөрү тандаган шартка жараша базалык түшүмдүүлүктүн 70, 80 же 90 пайызын камсыздандыра алышат. Тарифтер аймакка, буудайдын түрүнө жана тандалган коргоо деңгээлине жараша белгиленет.
Түшүм жабыркаса, төлөм кандай жүргүзүлөт?
Камсыздандыруу окуясы катталган учурда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун адистери талаага барып, эгиндин абалын жана иш жүзүндөгү түшүмдүүлүктү аныкташат.
Эгерде алынган түшүм келишимде көрсөтүлгөн камсыздандырылган түшүмдүүлүктөн төмөн болсо, айырмасына жараша компенсация төлөнөт.
Мындан тышкары, күздүк буудай кыш мезгилинде толугу менен же жарым-жартылай жок болгон учурда келишимдин шарттарына ылайык, жабыркаган аймактын камсыздандыруу суммасынын 30 пайызы өлчөмүндө төлөм жүргүзүү каралган.
Агро камсыздандыруу кайра жанданат
Белгилей кетсек, агро камсыздандырууну киргизүү Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы №39-р тескемеси менен бекитилген 2026-жылга карата иш-аракеттер планынын 639-пунктунда каралган.
Жаңы продукт эгемендик жылдарынан бери практикалык негизде толук кандуу ишке ашпай келген агро камсыздандыруу системасын кайра жандандырууга багытталган.
Бул механизм дыйкандардын бир жылдык эмгегин жана салган каражатын коргоого, күтүлбөгөн жаратылыш кырсыктарынан улам тартылган чыгымдарды азайтууга жана кийинки айдоо сезонун ишенимдүү пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.