Жарлыкка ылайык жаңы парк

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 54

Жакында Бишкектин четинде “Solto Skyway Park” аттуу уникалдуу эс алуу аймагынын асма жолун куруу иштери башталганы турат. Узундугу 4 чакырымдан, 3 станциядан турган мындай асма жолдун курулушу австралиялык “Doppelmayr/Garaventa” компаниясынын жогорку кесипкөй адистерине жүктөлгөн. Бул долбоор Президент Садыр Жапаровдун “Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жана “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыктарын аткаруунун алкагында ишке ашырылмакчы.

“Solto Skyway Park” компаниясынын тышкы экономикалык байланыштар боюнча директору Айжан Кубанычбекованын маалыматы боюнча дүйнөлүк талапка ылайыкталган уникалдуу жаңы эс алуу аймагы Бишкектин түштүк бөлүгүндө, Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айыл аймагынын Боз-Бөлтөк тоосунда жайгашат. Долбоор ата мекендик инвесторлор тарабынан каржыланып, экологиялык жактан коопсуз болот. Мындай ири курулуш долбоору бир нече этаптан турат. Биринчи этабына 20 миллион доллар сарпталаары белгиленген парктын айланасындагы 200 гектар аянтты жашылдандыруу боюнча да иштер жүрөт. Биринчи “Ак бешим “ станциясы 12-кичирайонунан башталып, парк, тамактануучу жана унаа токтотуучу жайлар курулат. Экинчи “Байтик” станциясында никеге каттоо жайы, жыйын жана банкеттик залдар менен аттракциондор(зиплайн, родельбан, тюбинг) жайгашат. Ал эми үчүнчү “Солто” станциясы Боз-Бөлтөк тоосунда 1200 метр бийиктикте жайгашат. Бул жерде мечит, конок үйлөрү, сейил бактар, медитация жана йога үчүн экозоналар курулат. Буюрса, мындай жаңы эс алуу аймагынын ачылышы 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө пландалууда.

№37-38 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 22-апрели
Разия Жоошбаева

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 54
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X