"Эркин-Тоо"

Жасалма диплом берген ЖОЖдор текшерүүгө алынууда

Бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кош жарандуулугун жана дипломдорун текшерүү иштери уланууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын берген маалыматына ылайык, жасалма диплом боюнча текшерүүдө Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университети (КМУ – КМУУ) алдыңкы сапта турат. Бул ЖОЖдо 28 диплом текшерүүгө алынган. Ал эми:

— К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети — 11;

— Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы — 5;

— И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети — 5;

— Жалал-Абад мамлекеттик университети — 4;

— К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети — 3;

— Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети — 3;

— Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КМЮА) — 2;

— К.Батыров атындагы элдердин достугу университети — 2;

— Ош мамлекеттик университети — 2;

— Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясы — 2;

— Балыкчы социалдык-экономикалык институту — 1;

— Бишкек технологиялык колледжи — 1;

— Бишкек финансы-экономикалык техникуму — 1;

— «Дастан» технологиялык университети — 1;

— И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети — 1;

— К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети — 1;

— Москва ишкердик жана укук институтунун Каракол филиалы — 1;

— Ош технологиялык университети — 1;

— Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту — 1;

— Талас мамлекеттик университети — 1;

— Токмок индустриалдык-педагогикалык техникуму — 1;

— Ысык-Көл бухгалтердик эсеп мектеби — 1;

— Финансы-экономикалык академиясы — 1;

— Чүй университети — 1 жасалма диплом берген деген шек менен текшерилүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!