Жасалма доллар көбөйдү

19-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 50

Улуттук банк Кыргызстанда АКШ долларын жасап саткандар көбөйүп жатканын билдирип, жарандарды этият болууга чакырды. “Валюта алмаштыруу учурунда алмашуу бюролорунун кызматкерлеринен акчаны детектордон текшерип берүүсүн талап кылуу зарыл”,-делет эскертүүдө. Ошондой эле акча алмаштыруу жайынын Улуттук банктын лицензиясы бар же жогуна көңүл буруу керектигин, эгер болсо, ал көрүнөө жерге илинип коюларын билдирди.

19-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 50
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X