Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын имараты толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Жаңыланган театр заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалып, көрүүчүлөр жана чыгармачыл жамаат үчүн керектүү шарттар түзүлдү.
Капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2024–2025-жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде жүргүзүлдү.
Эске салсак, аталган Жаш көрүүчүлөр театры 1989-жылы негизделген. Ал 36 жыл бою өзүнүн жеке имаратысыз иштеп келген. 2024-жылы имарат толугу менен театрдын карамагына өткөрүлүп, 2 жылдай реконструкцияланды.

