Жаш мугалимдерге орун бошотуу үчүн улуу муун жумуштан кетирилеби?

2-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90

Кыргызстанда пенсия курагындагы мугалимдерди массалык түрдө жумуштан бошотуу пландалган жок. Бул тууралуу Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган талкууларга байланыштуу расмий түшүндүрмө берди.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда өлкөнүн билим берүү уюмдарында пенсия курагындагы 15 миңге жакын педагог эмгектенет.

Ведомство жаш курагына карап мугалимдерди басмырлоо саясаты жүргүзүлбөй турганын белгиледи.

Ошол эле учурда мугалимдердин айлыгы жогорулагандан кийин билим берүү тармагына, анын ичинде жаш адистердин жумушка орношууга кызыгуусу өскөн. Буга байланыштуу министрлик жаш кадрларды тартуу жана тажрыйбалуу педагогдордун эмгегин сактоо ортосунда тең салмактуулукту камсыз кылуунун жолдорун карап жатат.

Алардын арасында пенсия курагындагы мугалимдерди насаатчы, педагог-ассистент же консультант катары тартуу, жаш адистерге усулдук колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

Ошондой эле педагогикалык жүктөмдүн ийкемдүү формаларын киргизүү маселеси талкууланууда. Бирок бул сунуштар азырынча иштелип чыгуу баскычында турат.

Министрлик улуу муундагы мугалимдердин тажрыйбасы билим берүү системасы үчүн маанилүү экенин белгилеп, коомчулукту такталбаган маалыматтарды таратуудан карманууга чакырды.

2-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X