Жаш жеткинчектер Манас айтышат
1-Июнь Балдарды коргоо эл аралык күнү майрамына карата Бишкек шаарынын мэриясы “Наристе манасчы” шаардык сынагын жарыялайт. Сынак 31-майда “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинде өтөт. Сынакка Бишкек шаарынын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарындагы 3 жаштан 11 жашка чейинки (1-4-кл.) балдар катыша алышат. Жаш жеткинчектер “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтышат. айтуу, көркөм аткаруу чеберчилигине баа берилет. Бул иш-чара боюнча бардык маалыматты (0312) 514417 (факс); 514430 номурларынан алса болот.