"Эркин-Тоо"

Жашоонун өзү ыр жана майрам

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын Фатима Абдалованын “Ыр деген – бул Өмүрдүн майрамында” аттуу жыйнагы жарык көрдү.

Китепке акындын лирикалары жана терең ойлорду камтыган ырлары кирген. Бул жыйнакта да акындын жалпы поэзиясында башкы тема болгон – адамдагы адилеттүүлүк, мээримдүүлүк, ыймандуулук, кайрымдуулук, жөнөкөйлүк сапаттарга басым жасалат. Автор ырларында адамзат – адамдык асыл сапаттары менен гана адам атына, акыл-эске, интеллектке татыктуу болуп, бул дүйнө-өмүрдүн не бир табышмактуу сырларын туюп-сезүүгө, аңдоого дарамет аларын айткысы келет. Адамзатка Алла Тааладан адамдык асыл сапаттардын касиетин туюп-сезип, жүгүн татыктуу көтөрө билүү жазылган. Ошол сапаттарды кармануу – бул жашоодогу канчалаган татаал сырларды кайсы бир деңгээлде туюп-сезүүгө жол ачат. Эгерде ал сапаттар болбосо, анда дүйнөнү таануу мүмкүн эместигин белгилейт. Негизинен жаңы саамалыкка акындын ушул маанайдагы ырлары кирген.

Фатима Абдалова: “Ыр деген – бул Өмүрдүн майрамында” деп китебимдин аты айтып тургандай, жер үстүндөгү биздин жашообуздун өзү – ыр. Муңдуу ыр болобу, кубанычтуу ыр болобу, баары жашоо-турмуштан алынат. Мен бул китебимде  өмүрдүн өңүнүн, түсүнүн бир четин тарткан болдум окшойт. Мурдагы жыйнагым 2016-жылы басылып чыккан. Бул жыйнак – 4-5 жылдык эмгегим. Мурдагы жыйнактарыма чыккан эски ырларымды кийинки жыйнактарыма кошконду анчейин туура көрбөйм. Эгерде андай кыла турган болсом, анда келечекте тандалмаларым, томдуктарым жарык көрөр. Бул жыйнагыма да толугу менен жаңы ырлар кирди” деп белгиледи.

Ф.Абдалова буга чейин эне темасына кайрылып, “Менин Апам”, “Күнбала” поэмаларында эненин образын бийик деңгээлде даңазалаган. “Менин Апам” поэмасындагы башкы ыры – “Мен дүйнөнү Апам менен тааныгам” аттуу ыры. Бул обондуу ыр элдин жүрөгүнөн орун тапты десек болот. Ал эми “Күнбала” поэмасында – кош бойлуу эненин жүрөгүнүн астындагы бала менен болгон ысык ымаласы ырга салынат. Кош бойлуу эне гана – кош жүрөктүү. Кош бойлуу энеде гана эки жүрөк бар. Кудайдын кудурети менен гана берилген эне менен баланын көрүшкөнгө чейинки сезим-туюм мамилелери акын тарабынан өтө аярлык менен сүрөттөлгөн.  Мындан сырткары, автордун жашоодогу эң көйгөйлүү маселелерди чагылдырган “Кудайдын эрке балдары”, “Апокалипсис”, философиялык темадагы “Бейтосундар”, “Аалам сыры сандардабы” аттуу поэмалары белгилүү.

 №28 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 25-марты 
Бактыгүл Кулатаева