“ЖАШЫЛ” ЭКОНОМИКА “КЫЗЫЛ” АКЧАДАН КЫМБАТ

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга карыз берген өлкөлөрдү жана каржы институттарын жашыл демилгелерди ишке ашыруу үчүн бардык тышкы карызды кечүүгө чакырган сунушунан улам айрым эксперттер, маселен, экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюпов “Банктар жана каржы уюмдары көбүнчө акча каражаттарын кайтарууга умтулушат…”, экоактивист Влад Ушаков “…кредиторлор “жашыл долбоорлорду” ишке ашыруу аркылуу да биздин насыяларды кечүүгө макул болушу күмөн…” дегендей пикирлерин билдиришкен. Алардын көз карашын таптакыр жокко чыгарып жиберүү дагы мүмкүн эмес. Анткен менен буга чейинки бийликтин кочуштап алган карызын төлөөнү жеңилдетиш үчүн Президенттин сунушунун жөндүү жагы бар. Себеби, БУУнун ассамблеясы Президент Жапаровдун экологияны коргоо боюнча бийик трибунадан айткан сунушун колдоп, 2022-жылдын 14-декабрындагы 77-сессиясында “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясын кабыл алышкан. Кыргыз Республикасынын демилгеси менен бул резолюция 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыяланып, добуш берүүсүз бир добуштан кабыл алынган резолюцияга БУУнун 109 мүчө мамлекети авторлош катары кошулганын айта кетели. Ал эми Кыргызстанда “Жашыл мурас” өнөктүгү колго алынып, масштабдуу иштер башталды. “Жашыл” экономиканын эсебинен карыздарды жоюу дүйнөлүк практикада колдонулуп келген тажрыйба. Ааламдашуу доорундагы кооптуу экологиялык кырдаалды эске ала турган болсок, “жашыл” экономика “кызыл” акчадан кымбат экенин моюнга алар учур келди.
Ушул жерде экологияны коргоонун эсебинен карыздан кутулган өлкөлөр бар бекен деген суроо жаралышы мүмкүн? Тарыхка көз чаптырсак, алгачкы этапта коммерциялык карызды жаратылышка алмаштыруу операцияларынын алкагында 1987-жылы Боливияда «Өнүгүү программалары үчүн карыз» схемасы колдонулган экен. Келишим Боливиянын өкмөтү менен Conservation International уюмунун ортосунда түзүлүп, ошол эле жылы КостаРика менен Эквадордо карыздык бүтүмдөр ишке ашырылып, көп өтпөй мындай келишимдер ар түрдүү тармактарда колдонула баштаптыр. Карыздын кандайдыр бир бөлүгүнөн кутулуу үчүн Боливиянын өкмөтү Бени биосфералык коругунун айланасындагы корголуучу аймактарды 1,5 миллион гектарга кеңейтүүгө милдетин алыптыр. Боливия өкмөтү жаратылышты коргоо программасына 100 000 доллар кошуп, ошондой эле USAIDден 150 000 доллар грант алганын билдиришет маалымат каражаттарында.
Чыгыш Европа үчүн айлана-чөйрөнү коргоо программаларынын алкагында постсоветтик өлкөлөр болгон Болгария, Польшанын миллиарддаган доллар карыздары экологиялык инвестицияларды каржылоо эсебинен жоюлуптур. Ошол эле Польшада атайын Экологиялык фонд түзүлүп, Байкоочу кеңешинин курамына Польшанын өкмөтүнүн жана парламентинин өкүлдөрү, ошондой эле Экофондду түзүүгө каржылык катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрү киришип, карызды жоюуга жетишишиптир. Мындай мисалдарда айта берсе өтө эле көп. «Жашыл» экономиканы ишке киргизүү принциби дүйнөлүк алкакта жылданжылга актуалдуу болуп баратат. Анткени, жаратылыш ресурстарын пайдалануудагы экологиялык коопсуздук маселелери коомго терс таасирин тийгизерин мезгил ырастап келет. Жаратылыш менен адамзаттын өнүгүүсү бири-бирине тыгыз байланышта экенин танууга болбойт.
“Жашыл” экономика үчүн Кыргызстанда шарт жетиштүүбү? Маселенин нокоту ушул жерде турат. Жалпылап саресеп сала турган болсок, биздин өлкөбүздүн жаратылышы, суу ресурстары, тоолору, мөңгүлөрү, таза абасы “жашыл” экономиканын өзөгүн түзөт экен. Мындай шартка жетишпей тамчы сууга зар болгон өлкөлөр канчалап саналат.
“Жашыл” экономика саясатын ишке ашыруудагы лидер аталган Түштүк Кореяда мындан он жыл мурда эле беш жылдын ичинде ИДПнын 3%ын же болбосо 60 млрд доллар жумшап, 1,8 млн жумушчу орунун түзүптүр. Ал эми АКШда жашыл экономиканын негизги багыты катары альтернативдүү энергетиканы өнүктүрүүнү тандашып, 2030-жылга чейин күн электр станциялары өлкөгө керектеген энергиянын 65% жана жылуулуктун 35% өндүрүүнү көздөп жатышат. Кытайда болсо кайра жаралуучу булактардан электр энергиясын алууга артыкчылык берип, 2 миңден ашык экологияны булгаган ишканаларды күч менен жабышкан. Бул күн чыгыш өлкөсүндө энергияны үнөмдөөгө, кайра жаралуучу энергияга жана аны менен байланышкан технологияларга мамлекеттик инвестицияларды салуу боюнча АКШ, Евросоюз өлкөлөрүнүн эбак эле озуп кетиптир.
Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү миллиарддаган доллар каражатын сарптап жетпеген мүмкүнчүлүктөрдү бизге теңирим берип коюптур. Карызды жоюу боюнча 2000-жылдардын башында Париж клубу менен сүйлөшүүлөр жүрүп келгени дагы маалым. Демек, бизде тажрыйба бар. Ошондуктан, Президенттин сунушун ишке ашырууга аракет кылып көрүүгө неге болбосун?
Шекербек КАЛЫКОВ
№2 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 13-январы