Жаза аткаруу кызматындагылар да майрамдашты
8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү Департаментинде салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Аталган департаменттин башчысы, полковник Улан Бердикожоев аскер кызматкерлерин жана чакырылган конокторду, ЖМК өкүлдөрүн майрамы менен куттуктады.
Ал белгилегендей, контингент менен иштеген Жаза аткаруу тутумунда кызмат өтөө башка укук коргоо органдарынан айырмаланат. Жетекчиликтин куттуктоо сөздөрүнөн кийин салтанаттуу сыйлыктарды тапшыруу аземи болду.
Кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткаргандыгы үчүн Жаза аткаруу кызматынын төрагасы, ички кызматтын генерал-майору Аскат Эгембердиевдин буйругу менен аскер кызматындагы аялдарга ыраазычылык билдирилди. Өзгөчө өзгөчөлөнгөн кызматкерлер «Кыз Сайкал», «Мыкты Айым», «Жоокер» медалдары менен сыйланышты.