Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Катар Мамлекетинин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, ички кызматтын генерал-майору Аскат Эгембердиев  Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетинин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушту.

Тараптар Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумун реформалоонун бир нече актуалдуу маселелерин жана өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү чөйрөсүн аныктоонун зарылдыгын талкуулашты.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн колдоосу менен буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы өз ара аракеттенүү планын ишке ашыруу алкагында, киреше алып келүүчү өндүрүштү колдоп түзөтүү мекемелеринде тигүү жана бут кийим өндүрүү ишканалары ачылган. Мындан тышкары нан бышыруучу наабайкана модернизацияланган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X