«Жазуу» субтестинен өтпөй калган Суваналиев менен Жапыкеев тестти кайра тапшыра алышат

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 178

Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев кыргыз тилден өтпөй калган «Жазуу» субтестин кайра тапшыра алат. 

2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниетинде мамлекеттик тилден тестке эки талапкер — Өмүрбек Исакович Суваналиев жана Сыймык Асылбекович Жапыкеев катышкан.
Тесттин жыйынтыгында “Жазуу” субтестинен Өмүрбек Суваналиев жана Сыймык Жапыкеев  жетиштүү балл ала алган эмес.

“Кыргызтест”  мамлекеттик мекемесинин жалпы ички тартибине ылайык субтесттин бирөөнөн  50-59 балл алып, өтпөй калган жарандар тестти 3 жумушчу күндөн кийин кайра тапшыра алышат.

Башкача айтканда, аталган жарандар тил сынагынан өтпөй калды деп айтуу эрте.

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 178
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X