Жазында Бишкек жоогазынга бөлөнөт

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 74

Бишкек шаарында күзгү жоогазын отургузуу иштери уланууда. Быйыл борбор калаанын төрт районуна голландиялык сорттогу беш түрдүү түстөгү 207 миң 500 түп жоогазын отургузулууда.

Гүлдөрдүн эң көбү Биринчи Май районуна — 70 миң түп, Ленин районуна — 60 миң, Октябрь районуна — 50 миң жана Свердлов районуна 27 миң 500 түп бөлүнгөн.

Учурда отургузуу иштеринин алдында топурак даярдалып, жоогазындын баштары 12–15 сантиметр тереңдикке отургузулууда.

Адистер күзүндө отургузулган жоогазындар кышкы эс алуу мезгилинен кийин жазында жакшы өсүп, гүлдөөрүн белгилешет.

Планга ылайык, 2027-жылдын март–апрель айларында Бишкектин көчөлөрү, парктары жана скверлери түркүн түстүү жоогазындарга бөлөнөт.

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 74
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X