Жеңилдетилген баада дизель майы сатылууда. Кимдер ала алат?
Жазгы талаа иштерине жеңилдетилген баада 3 миң тонна дизель майы сатылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул багытта министрлик мунай ташуучулар ассоциациясы менен келишим түзгөн. Анын алкагында күйүүчү-майлоочу май үзгүлтүксүз камсыз кылына турган болду.