Жээналы Камбаралиев: “Япондор менен окшош жактарыбыз көп»

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 28

Япониянын «Central Asia-TV” телекомпаниясынын Борбор Азия боюнча координатору, эл аралык журналист Жээналы Камбаралиев.

Журналист Жээналы Камбаралиев 1987-жылы Свердловск (азыркы Екатеринбург) шаарындагы Урал мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктагандан кийин 1989-жылга чейин “Верх-Исетский рабочий” жана ”Вечерний Свердловск” гезиттеринде кабарчы болуп иштеген.

1989-1990-жылдары Бишкекке келип “Коммунист Кыргызстана” журналында улук кабарчы болуп иштеп, өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийин 1997-жылы “Азия ТВ” телеканалын негиздеген. 1999-жылы Баткен окуясында Япониянын телекомпаниялары менен кызматташып жүрүп, өзү иштеген телекомпаниянын чакыруусу боюнча Японияга барып иштеп келген. Азыркы күндө Япониядагы ири “Ивентс” телекомпаниясынын Борбор Азия боюнча координатору болуп иштеп жатат. Биз эл аралык журналист, кесиптешибиз Жээналы Камбаралиев менен япониялыктардын жашоосу, турмуш-тиричилиги, каада-салты, элинин өзгөчөлүгү жөнүндө маектештик.

— Жээналы Камбаралиевич, сиз кандайча Японияга барып иштеп калдыңыз?

— Япондор менен 1996-жылдан бери кызматташып келем. Алгач мен NHK телекомпаниясы менен кызматташа баштагам. Мен иштеген телекомпаниянын буюрутмасы менен Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө эки документалдык телефильм тартып бердим. Анын бири “Бышкан нандын даамы” деп аталат. Ал телефильм КТРКдан да көрсөтүлгөн. Андан кийин Япониядан келген туристтерди өз өлкөбүз менен тааныштырып жүрдүм.

1999-жылы сентябрь, октябрь айларында Баткен окуясында мен иштеген “Central Asia-TV” телекомпаниясы менен “FUJI” телекомпаниясы биргелешип Баткенде болуп жаткан окуяларды болгонун болгондой, колубуздан келишинче Япониянын телеканалдары аркылуу так маалыматтар менен дүйнө жүзүнө чагылдырып турдук. Анткени, Баткен окуясында моджахеддердин барымтасына алынган 4 япондук геологдорду жана тилмеч О.Жанакеевди бошотууга активдүү катыштым. Аларды бошотууга чейин эки ай бою күн сайын 127 млн калкы бар Японияга атайын репортажды берип турдук. Ошентип япониялыктарга биз таанымал болуп, мени япониялыктар Жээналы эмес – Жэйнару-Сан деп таанышат.

Жайкысын Япон телекомпаниясынын буйрутмасы менен Борбор Азия өлкөлөрү боюнча ар кыл багыттагы даректүү телефильмдерди тартабыз.Телефильмдердин негизги максаты – Борбор Азия элдеринин тарыхын, үрп-адат, каада-салтын, маданиятын, жаратылышын жана туризмин дүйнө элине тааныштыруу болуп саналат. Тарткан фильмдерибиз Япониянын телеканалдары аркылуу бүткүл дүйнө жүзүнө көрсөтүлөт.

Андан кийин мен телекомпаниянын чакыруусу боюнча күн чыгыш өлкөсүнө үй-бүлөм менен көчүп барып, журналист болуп иштеп, жашап калдым. Япондордун турмуш-тиричилигин, узак жашоонун сырын, эки элдин окшоштук жактарын терең изилдедим. Уулум Жаныш БГУну аяктаган, кийинчерээк Япониянын эл аралык университетинде билим алган. Андан кийин Токио шаарындагы Искусство университетин бүтүргөн. Балам да он жылдан ашык убакыттан бери Япониядагы бир чоң компанияда иштеп жатат.

— Япониялыктардын каада-салтына, маданиятына да токтоло кетсеңиз?

— Бул мамлекет экономикасы өнүккөн, дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Эли өтө маданияттуу десек болот. Алар бири-бири менен дайыма жылмайып учурашат, бири-бирине ийилип салам берет. Японияда адамдардын жакшы жашоосуна мамлекет тарабынан мыкты шарттар түзүлгөн. Коомдук жайларда сөгүнүү, бири-бирине акаарат келтирүү, катуу айтуу, кагып-силкүү дегендер алар үчүн жат көрүнүш. Сен чет жерден келдиң деп эч качан бөлбөйт. Бардык мамлекеттик уюмдары, муниципалитеттери, коммуналдык кызматтары тынымсыз иштешет. Япондуктар коомдук транспорттун, министрликтердин иштерин, же жолдор жаман деп эч качан даттанышпайт. Кошумчалай кете турган нерсе, япондуктар өздөрүнүн коомдук транспортунун абдан өнүккөндүгү менен сыймыктанышат. Бардык иштегендер өз милдеттерин так аткарышат. Эмгек акылары, пенсия, пособиелери өз убагында төлөнөт. Айлана-тегеректин баары гүл менен курчалган. Бардык жерди таза кармашат, бейчеки ыргытылган таштандыларды көрүүгө болбойт.

— Япондор менен кыргыздардын бири-бирине окшош жактары көп дешет. Сиз ушундай окшоштуктарды байкай алдыңызбы?

— Ооба, окшош жактарыбыз бар. Алар абдан сылык болушат. Эгерде бир жерден бирөөнүн көңүлүн ооруткан болсоң, анда биринчи япон кечирим сурайт. Биздин ата-бабаларыбыз да кечиримдүү болушкан. Кыргыздарда “алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч” деп айтат го, алар да дал ушундай эл болушат. Уурулук жок, коомдук жайларда – автобекет, соода борборлордо жана башка жерлерде буюмуңду жоготсоң – табылат. Жоголгон буюмуңду көрүп таап алгандар админстрацияга берип коюшат. Автобекеттерде жана башка коомдук жайларында “табылган буюмдар” деген атайын бурчтар бар. Биздин ата-бабаларыбыз илгери кокусунан короосуна чоочун мал келип калса эл-журтка жарыя салчу. Же бир жерден буюм таап алса үч жолу кыйкырып, ээси чыкпаса анан алчу. Эсиңердеби? Эгер боз үйдүн эшигинин оозу жип менен байланып турса, келген адам боз үйгө кирчү эмес. Жайлоодо калган жүктөргө да эч ким тийбейт эле. Япондордордун айлыдарында да кээ бир үйлөр, ишканалар жабылбайт, кулпу салынбайт. Көчөдөгү автоунаалар да ачкычтары менен ачык эле турат. Ата-энелер балдарын бирөөнүн буюмуна тийбе, кармаба деп тарбиялашат. Бирок азыр глобализация дегенибиз менен, Япониянын ири шаарларында – айрыкча орустар, пакистандыктар жана башка чет өлкөлүктөр бар жерлерде уурулук пайда боло баштады.

Бир жолу Бишкекке келген 90 жаштагы бир япондук туристтин кыргыздар менен япондор жөнүндө мындай деп айтканы эсимде: “Илгери-илгери бир мезгилде баарыбыз бир эл болгонбуз, ата-бабаларыбыз Сибирде жашашкан. Силер эт жегени Тянь-Шанга, биз балык уулаганы деңизге кеткенбиз” деп тамашалаганын унута элекмин.Чындыгында бул эки элдин көп окшоштук жактары бар экендиги баарыбызга белгилүү.

Эки япониялык окумуштуу-профессорлор япониялыктын, монголдун жана кыргыздын генин изилдеп көрүшкөн. Ошондо жаңы туулган балдардын аркасындагы көк тактарды байкашкан. Алар дүйнө элдеринин жаңы төрөлгөн наристелерин да изилдешип көрүп, жогорудагыдай белги кыргыздын, монголдун жана япондордун жаңы төрөлгөн балдарында гана бар экендигин аныкташкан. Мына ушундай эле окшоштуктар сүйлөгөн тилдерибизде да бар. Мисалы, саламдашканда япондор бири-бирине жүгүнүп салам беришет. Бул бири-бирин сыйлоо болуп саналат. Илгери кыргыздарда эркеги башчы катары, аялдар болсо унчукпай эркектерге баш ийип жүгүнүп салам берип жашап келишкен. Япондордо да мына ошондой салт бар.

Японияга дүйнө жүзүнүн ар кайсы булуң-бурчтарынан туристтер көп келишет. Келген туристтердин басымдуу көпчүлүгү бизнесмендер. Алардын жарымы дүйнөдөгү эң бийик чоку болгон Фудзияманы көргөнү келишсе, айрым бизнесмендер Япониядагы мурунку колдонуудан чыккан автомобилдерди Азияга, Аравияга, Африкага жана Латын Америка мамлекеттерине экспорттошот. Келген мигранттардын көпчүлүгү отурукташып калышкан. КМШ жана башка жерден келген мигранттардын укуктары корголгон.

— Сизди япониялыктар эмнеси менен таң калтырды?

— Япондуктар транспортко түшкөндө телефондорду колдонушпайт. Бардык жерде телефон менен сүйлөшүү жана сүйлөшүүгө тыюу салуучу атайын белгилер коюлган. Эгерде мобилдик телефонуң иштеп калса, анда “сүйлөшпө” деп белги берет же тыюу салынган белгини көрсөтөт. Алардын маданияттуулугун Бишкекке келгенде түшүндүм. Бизде болсо коомдук транспортто айдоочулар, адамдар кыйкырышып, сөгүнүшүп, бир нерселерди сүйлөшүп жаткандарын көрөсүң. Мындай убакта башкалар эмнеге сенин кыйкырган үңүңдү угушу керек? Башкаларга тоскоолдук кылбаш керек деген ойго келесиң. Оорулуулар же жумуштан чарчаган адамдар болушу мүмкүн. Япониянын коомдук транспортторунда – метродо, электричкада жана автобустарда тынчтык өкүм сүрүп турат, баары тынч олтуруп эс алышат. Көчөлөрүндө уруш-мушташ, сөгүнүү, талаш-тартыш деген жат көрүнүштөр жок. Бирок, Японияда өзүн-өзү өлтүрүү басымдуулук кылат. Мисалы, 2011-жылы 16000ден ашуун өзүн-өзү өлтүрүүлөр болсо, 2020-жылы алардын саны 23000ден ашып кеткен. Кыргыздар бири-биринен карыз алып жашай беришет эмеспи. Япондор бири-биринен карыз сурашпайт, карыз сурагандан намыстанышат. Япония жана анда жашаган япондуктар күн санап өсүп-өнүгүүдө. Сырткы дүйнө менен байланышы күчөп, глобализация жүрүп жатат.

Япондор өзгөчө иштерман калк келишет. Мен алгачкы жылдары Токионун жанындагы шаарда жашадым. Саат 18.00 болгондо столбага орнотулган коңгуроодон “жумуш күнү бүттү” деген атайын үн угулат. Аны уккан жумушчулар дароо иштеп жаткан жумушун токтотушат. Алар узак жашашат, аялдардын орточо жашы 84, эркектердики болсо 82 жаш. 2012-жылы Японияда 40000ден ашуун 100 жаштан жогорку курактагы карыялар бар экендиги расмий катталган. Японияда гана 110 жаштан жогору жашагандар Гиннес китебине катталышат. Алар тамакты аз жешет, бирок көп иштешет. Бизде болсо тескерисинче, “аш көп болсо каада көп” дегендей, көп жейбиз, аз иштейбиз. Той-тамаша, салтанат көп. Каражаттын баарын тойлорго жумшайбыз.

Япондордо отпуска деген жок, дем алышы бар эки гана майрамы бар. Майдын башталышында «Golden week» деген, андан кийин августтун башында «Обон» деген үч күндүк салттуу майрамдары болот. Бул күндөрү маркумдарды эскеришет. Буддистердин түшүнүгүндө арбактар келишет дешет. Көрүстөнгө барышып, эки жагын тазалап, гүл коюшат. Жакшы тамактарды жасашат. Япондордун жумуш календарын карасаң жылына он күндөй майрамы бар, бирок кызыл белгиси аз. Көп майрамдарды дем алыш күндөрү белгилешет. Мисалы, «Балыкчы күнү», «Сакура майрамы». Бизде болсо календарда кызыл күндөр – майрамдар менен эс алуу күндөрүбүз көп. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын башында эле 9 күн эс алдык. Япондордон көп жакшы жактарын алып үйрөнүшүбүз керек. Айрыкча иштармандыгын.

Япондор: “Баарыбыз фирма үчүн иштейбиз, ал гүлдөп өнүксө, биз да гүлдөп өсөбүз” деген принципте иштешет. Анткени, баары мамлекеттин гүлдөп өнүгүшү үчүн салым кошот.

№26 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-марты
Орункул Сатыкулов

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 28
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X