Жаратылышынан иштин көзүн билген айыл чарба кызматкери өзүнүн билимин, бай тажрыйбасын жаңылап, өз алдынча изденип, жоопкерчилик менен элге пайдасын тийгизүүгө умтулат. Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылынын айыл башчысы Итикулов Ирбис Асанович да эрудициясы бийик, бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө эрки жеткен, өз ишине берилген уюштургуч, жөндөмдүү айыл башчы катары өзүн таанытып келет. Ак эмгектин натыйжасында, айылдагы көйгөйлөрдү, милдеттерди толугу менен аткарууга жетишти. Мындан улам Ирбис мырзаны кепке тартып маектештик.
— Ирбис Асанович, алгач Чолок-Кайың айылы жөнүндө маалымат берсеңиз? Айылды социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн кандай иштерди аткарып жатасыздар?
— Биздин айыл эң четки тоолуу аймактардын катарына кирет. Мында 128 түтүн (кожолук) бар, ал эми калктын саны 587 адамды түзөт. Айылыбыздын келечеги кең. Өсүп-өнүгүүгө ыңгайлуу шарты бар. Мал чарбасына, дыйканчылыкка ылайыкташкан айыл. Социалдык обьектилер боюнча айтсам: 2005-жылы айылдын эли өз күчү менен 120 орундуу мектеп курган. Анда жыйырмадан ашык мугалим балдарга билим беришет. Биздин айылда 30 жыл аралыгында эч кандай курулуш иштери болгон эмес. Аны эске алып, 2021-жылы АРИС эл аралык уюмунун колдоосу менен 50 орундуу заманбап жаңы бала бакчаны куруп пайдаланууга бердик. Айылдагы ФАПтын имараты эскилиги жетип, авариялык абалда. Элдин басымдуу бөлүгү талаачылык жана мал чарбачылыгы менен алектенишет. Жакында жазгы талаа иштери башталат. Жаңы сапаттуу үрөндөрдү алып келүү тууралуу райондук айыл чарба департаменти менен биргеликте, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Жердин кыртышын анализдөө иштерин колго алганбыз. Мөмө-жемиштерди өстүрүү боюнча эл аралык уюмдар менен долбоорлорду жазып, жыйынтыгында айылдагы мектептин карамагындагы жерге 250 түп алманын 4 ылгам сортторун тиккенбиз. Учурда, биздин тоолуу климатка ыңгайлашып алгачкы түшүмүн берип баштады. Ушуга окшогон долбоорлордун негизинде, чакан күнөсканаларды да салдырганбыз. Жаңы келгенде 15 күнөскана бар болсо, аны улам кеңейтип, өздөштүрүп олтуруп, учурда 30 үй-бүлөдө күнөсканалар пайда болду. Ар бир үй-бүлө химикатсыз, таза органикалык жер-жемиштерди өстүрүү менен киреше ала башташты.
— Айдоо жерлерин сугат суусу менен жетиштүү камсыз кылуу маселеси, кандай жолго коюлган?
— Биз тоолуу аймак болгондуктан дүйнөлүк климаттык өзгөрүүгө байланыштуу, кардын аз түшүшүнөн өзөндөгү суулар тартылып, суунун жетишсиздиги чоң көйгөйдү жаратууда. Айылдагы сугат жерлерин сугаруу үчүн “Кара-Терек” насостук станциясы иштейт. Бирок, айдоо аянттарын толук сугарууга техникалык мүмкүнчүлүгүбүз жетишсиз. Кышкысын алты ай бою, өзөндөгү суулардын бардыгы максатсыз эле “Ала-Буга” суусуна куюлуп жатат. Жаздын келиши менен электр энергиясын сарптап, опол тоодой акча каражаттарды жумшап насос аркылуу сууну алууга туура келет. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн министрлик тарабынан инновациялык ыкмаларды колдонуп, суу сактоочу жайларды куруп, мөңгү сууларын сактап жаздан баштап пайдалансак, ысырапкорчулукка жол берилбейт эле. Сугат суу маселеси чечилсе, кайрак жерлер да өздөштүрүлүп, айдоо жерлер кеңейип, айылдагы ички миграциянын токтошуна өбөлгө түзүлмөк. Демек, айылдын өсүп-өнүгүшү бүтүндөй жерге жана сууга байланыштуу болуп турат.
— Айылда асыл тукум малды өстүрүү, артыкчылыктуу багыт деп эсептейсизби?
— Мен өзүм да айыл жеринде жашагандыктан, жумуштан кийин асыл тукум малдарды өстүрүү менен алектенем. Асыл тукум “Ангус” багытындагы беш буканы багып, башын көбөйтүп жатам. Айылдагы ишке жөндөмдүү фермерлер менен биргеликте, мамлекет тарабынан берилген насыялардан пайдаланып, Кочкордогу асыл тукум мал чарбасынан эки баш “Ангус” букасын 4 жыл мурда ар бирин 100 миң сомдон сатып алып келгенбиз. Бул букаларды айылдагы уйлардын кезүүсүнө кошуп, азыркы тапта кезүүдөгү уйлардын дээрлик 80 пайызы “Ангус” букаларынан чыгып, малдын сапатын жана санын арбытууга жетиштик. Учурда дагы, Чүй өрөөнүнөн “Арашан” багытындагы койлорду сатып келип, жергиликтүү малга кошуп асылдуулугун арттыруунун үстүндө иштеп жатабыз.
— Инвестиция тартуу, айылдан чыккан жеке ишкерлерди, демөөрчүлөрдү колдоо, айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн кандай иш-аракеттер жасалууда?
— Ички инвестицияларды тартуу ниетинде ПРООНдун колдоосу менен айылда чакан кийим тигүүчү цехтерди ачканбыз. Мында иштеген 7-8 кыз-келиндин ай сайын айлык акысы 15000 сомдун айланасында болууда. Курут жасап өндүрүү үчүн атайын курут чыгаруучу цехтерди алып келип орнотконбуз. Жаздан баштап иштеп баштайт. Айылга көчүп келип мал жандык курай албай жүргөн жарандарга, атайын долбоордун негизинде кой-эчкилерди алып келип, эки жылда бир жолу 5 койдон таратып берип, жардамга берилүүчү койдун санын 105 башка көбөйттүк. Айрым жардамга муктаж адамдардын мал жандыктары көбөйүп, жашоо-турмуштары оңолуп баштады.
— Туризм багытына жана спортко кандай көңүл бурулат?
— Кооз жайлоолорубузда ички туризмди өнүктүрүү кеңири жайылууда. Жер көргөнү кызыгып келгендердин саны байма-бай өсүп жатат. Бирок, туризмдин мындан да жакшы инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жолдун алыстыгы, начардыгы кедергисин тийгизүүдө. Ошого карабастан, кооз жерлерде атайын эс алуучу жайларды, тамак-аштарын талапка ылайык уюштуруп түзгөнгө аракетибизди жасап жатабыз. Айылдыктардын, күз, кыш айларында бош убактылары көп болгондуктан маданий иш чараларды, спорттук мелдештерди үзгүлтүксүз өткөрүп турабыз. Айрыкча, Көк-Бөрү оюну айылдыктардын, жаш балдардын спортко болгон ышкысын арттырып, ар кандай кызыктыруучу байгелерди демөөрчүлөр аркылуу берип турабыз.
— Айылдын экономикасын өнүктүрүүдө, кайсы багыттар артыкчылыктуу деп эсептейсиз?
— Айыл жергеси дагы мамлекетибиздин бир бөлүгү. Айылдагы адамдардын социалдык-экономикалык абалдарын оңдоо, өнүктүрүү негизги приоритет бойдон калууда. Ошондуктан, биз болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Бирок, биз канчалык аракеттенсек да жолдун алыстыгы, начардыгы тоскоолдуктарды жаратууда. Мындан тышкары, сугат айдоо жерлердин жетишсиздиги, кургакчылыктан улам тоюттун кымбаттап кетиши кедергисин тийгизүүдө. ФПСтин жерлери акыркы учурларда, элге үлүшкө берилбей калган. Жерге ээ болбой калган жарандар ФПСтин жерлерин арендага алышып, анын эсебинен үй-бүлөлөрүн багышууда. Жерге болгон муктаждыкка байланыштуу аукциондо 1 гектар жердин ижара баасы 35000 сомго чейин чыкты. Бул жерге суроо-талап жогору экендигин тастыктайт. Айылдагы негизги көйгөй – жолдорду салуу, оңдоо, жаңы кайрак жерлерди өздөштүрүү, сугат жерлерин кеңейтүү менен өзөн сууларын тосуп БСР суу сактоочу жайларды куруу зарыл болуп саналат. Айыл мал киндиктүү, жайытка жакын жайгашкандыктан акыркы убакта жаштардын көчүп келүүсү арбып, мал багуу менен алектенгендердин саны өсүүдө. Ошондуктан, жаштарга көңүл бурууга, аларга шарт түзүп берүүгө колдон келген аракеттерди жумшап жатабыз. Тактап айтканда, айылыбызды дотациядан чыгаруунун аракетиндебиз.
МААЛЫМАТ:
Ирбис Итикулов Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында 1979-жылы бригадирдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы Зууракан алдыңкы медицина кызматкери. Ирбис Асанович мектепти бүткөн соң, 1999-жылдары Бишкектеги И.Раззаков атындагы политехникалык университеттин энергетика факультетинде окуп, кийин 2000-2005-жылдары “Кыргыз-Түрк Манас” университетинде “Экономика жана менеджмент” факультетинен окуусун улантат. 2005-2006-жылдары Кыргыз Армиясында кызмат өтөйт. 2006-2008-жылдары “Кока-Кола” фирмасында соода агенти, 2009-2010-жылдары Нарын облустук мамлекеттик администрациясында кызматкер болуп иштеп, 2011-2015-жылдары Жерге-Тал айылында жеке ишкерлик менен алектенет. 2016-жылы аталган айылдын башчысы болуп шайланып, андан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Жумуштан сырткары, асыл тукум малдарды асырап багуу менен алектенет.
№28 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 25-марты
Кадыркул Бугубаев,
Нарын облусу боюнча өз кабарчы