"Эркин-Тоо"

“Жетинин бири кытмыр”

Гезитибиздин 25-февралдагы санына “Билим алуу ийне менен кудук казгандай эмес эле, экскаватор менен кудук казгандай абалга жеттиби?!” деген курч макалам жарык көргөн эле. Баштан-аяк кайталап олтуруунун кажети жок. “Мектепке чейинки мекемелерден  башталган сабатсыздык жугуштуу ылаң Улуттук илимдер академиясына чейин жеткен (жуккан) соң не демекчибиз?!” деп келип, «Кыңыр иштер кырк жыл» тургай эми эле билинчүдөй үмүт бар»,  деп макаламды аяктаган экем.

Ырас эле кырк жылды койчу, кырк күнгө жетпей үмүтүбүз актала баштады. Сабатсыздар менен күрөшүү жүйөсүн Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров көтөрүп, тактоо иштерине талаптарды катуу койгондуктан билим чөйрөсүндөгү кара тактар табылып,  жасалма дипломдуулар ачыкталууда.

Сөзүбүз кургак болбосун, УКМКнын 14-мартка чейинки бул багыттагы маалыматтарына таянсак, сабатсыздар ар тармактан мындан ары да арбын чыкчудай. “Чубактын кунундай” чубалчудай. Айталык, жаңы эле Жогорку Кеңешке депутат болуп келери менен депутат айымдын айыбы ачылып, жасалма дипломдун айынан ал депутаттыктан кеткен эле. Көрсө,  ал жасалма дипломдуу депутат жалгыз эмес экен. Учурда ЖК депутаттарынын ичинен 4 депутат, шаардык кеңештин ичинен 3 депутат, бардыгы 7 депутат шек туудуруп, “Жетинин бири Кыдыр” деген эзелтен келген макалыбыз жокко чыгып, “Жетини бири кытмыр” деген учурдун учкул сөзүнө айланды. Жасалма дипломдуулар катары калыңдады. Небактан билим коррупциясы бутактап, тамырланган турбайбы. Аларга карата күрөш кулач жайып, чын-төгүнү аныктала баштады.

Атаганат, жасалма дипломдуу, жалган билимдүүлөр билим берүүчү кызматкерлердин арасынан көп чыгып жатканы өкүндүрөт. Жасалма дипломдуу билим кызматкерлери кайсы билимди берип кыйратат? Жогорку аты аталган макаламда бекеринен жоруктары жолдо калган мугалимдер тууралуу мисалдарды коштоп келтирбепмин.

УКМКнын маалыматы боюнча жалган дипломдуу катары шектелип жаткан билим берүү кызматкерлеринин алгачкы  саны 17. Кийинки текшерүүлөрдө дагы канчасы чыгат, ким билет?  Демек, билимди кор тутуу тутумдарына турукташып калган билим берүү тармактарын реформалоо, тазалоо оңой эмес, оор процесс экенин мына ушул мисалдар көзгө сайгандай көрсөтүп турат.

Жемкорлуктун куйругун үзүүчү Эсептөө палатасынын аудитору, адам тагдырына акыркы акыйкат чечим чыгаруучу судья, мени, сени ар кандай кылмыш кылтактарынан коргоочу ички иштер органдарынын кызматкерлери да шектелип, айтор, ар тармактан айыптуу диплом ээлеринин чекеси оюлар эмес. Текшерүүлөр күчүнө кирген сайын билимсиз кадрлардын тизмеси улана берери турган иш.

Маселен, билим берүү кызматкерлеринен кийинки орун ички иштер органдарына таандык, азырынча 10 кызматкери шектелүүдө. Бул аз сан болбой калсын! Айыл аймактын жетекчилеринен 7 айыл өкмөт шектелип 3-орунда баратат. Тышкы иштер министрлигинен 6 кызматкер шектелип, 4-орунда турууда. Ток этери, салык, банк, социалдык фонддун кызматкерлери да мындай “кытмырлыктан” куру эмес. Жарды билимдүүлөр жарды өлкөнүн төрүн бийлешип, ушул күнгө жеттик. Кайда гана барба, баспа ийгиликтерге караганда кемчиликтер кең кездешип, эзилип келдик.

Айткандарыбызда калет жок. Облустук, райондук, шаардык жетекчилердин да билим деңгээлдери төмөн экендиги айгинеленди. Билими жарды бийлик ээлери эл тагдырын кантип чечет?! Айрым мэр, акимдердин билим деңгээлдери (дипломдору) жарашпай жатпайбы. Кашкайган фактыларга токтолсок: Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, учурдагы мэр, мурдагы мэр, вице-мэр, аким шектелип жатат. Айылдык кеңештердин 5 депутатынын, айыл аймактардын 2 орун басарынын дипломдору да арсар. Билими жарды кадрлардан алыстоо аракеттери кайтарымын берүүгө тийиш. Тааныш-билиштик кыскарып, билими күчтүүлөрдүн арааны жүрөр мезгил элестей баштады.

№28 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 25-марты 
Айчүрөк Макешова