Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат
Бишкек шаарында канализациялык коллекторду жаңылоо иштерине байланыштуу 24-март күнү Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат.
Тактап айтканда, Кулиев көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын ортосундагы тилке жабылат. Бул аймакта диаметри 600 мм болгон канализациялык түтүктү орнотуу боюнча курулуш-монтаж иштерин жүргүзүү пландалууда. Иштер «Жибек Жолу проспектиси боюнча канализациялык коллекторду капиталдык оңдоо» долбоорунун алкагында аткарылат.