ЖКда санарип далилдер жана унаанын одометрин бурмалоо боюнча мыйзам долбоорлору каралды

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 113

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында санарип далилдерди мыйзамдарга киргизүү жана унаанын одометринин көрсөткүчтөрүн бурмалоо маселелери каралды.

Комитет санарип далилдер институтун улуттук мыйзамдарга киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Бул тууралуу комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, документ Кылмыш-жаза, Укук бузуулар жөнүндө жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Ошондой эле Санарип кодексиндеги санарип технологияларга байланыштуу терминдерди шайкеш келтирүүгө багытталган.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Мындан тышкары, жыйында депутат Дастан Бекешев демилгелеген Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланды. Анда транспорт каражатынын одометринин көрсөткүчтөрүн өзгөртүү жана жүргөн аралыгы тууралуу маалыматтарды бурмалоо үчүн жоопкерчилик белгилөө сунушталган.

Дастан Бекешевдин маалыматына караганда, коңшу Казакстанда унаалардын электрондук тарыхын түзүү иштери башталган. Анда бажыдан же башка тиешелүү органдардан өткөндө унаанын жүргөн аралыгы катталып, техникалык кароо да жүргүзүлөт.

Талкуу учурунда депутаттар мыйзам бузуу кандай аныкталарын, жоопкерчилик кимдерге карата колдонуларын жана укук колдонууда талаш-тартыш жаралбашы үчүн түшүнүктөрдү тактоо зарылдыгын белгилешти. Жыйынтыгында мыйзам долбоору кошумча талкуулоо үчүн күн тартибинен алынды.

Ошондой эле комитеттин жыйынында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды. Депутат Жылдыз Курманалиева Конституциялык соттун чечиминин негизинде даярдалган документти колдоп, соттун чечимине каршы даттануу мөөнөтүнө байланышкан жагдайларга токтолду.

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 113
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X