«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны уурдап кетишип, Бишкекте кармап жатышат деген божомол бар. Бул тууралуу бүгүн, жактоочу Зоотбек Кудайбергенов журналисттерге маалымдады.
Кудайбергеновдун айтымында Орхан Инандынын унаасы кафенин жанында табылып, эшиги ачык болгону мненен андан эч нерсе уурдалган эмес. Бул уурулук максатта эмес. Болбосо уюлдук телефону жана башка буюмдары унаада калбайт болчу дейт жактоочу.
Эске салсак, Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. Ыкчам маалыматка ылайык, ал кечээ кечки саат алты чамасында өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйдөн чыгып кеткен. Бүгүн таңкы саат төрттөрдө Бишкектин Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.
Президент Садыр Жапаров ИИМге жана УКМКга жоголгон Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү тапшырган.
Учурда милиция кызматкерлери Орхан Инандыны издеп жатышат.