"Эркин-Тоо"

Жоголуп кеткен бала чоң ата, чоң энесине кайтарылды

Жоголуп кеткен бала чоң ата, чоң энесине кайтарылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин асма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 28-июнда саат 23:30 чамасында Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүндө адашып жүргөн жеринен 2014-жылы туулган Ф.Ю. Ош ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна алынып келинген.

2022-жылы 29-июнда Өспүрүм Ф.Ю. менен укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш жүргүзүү учурунда, анын ата-энеси такталып, бирок азыркы учурда Россия Федерациясында эмгектенип жатышкандыгына байланыштуу, ал Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында жашаган чоң эне жана чоң атасына аныкталып, аларга өткөрүлүп берилди.

Мындан сырткары өспүрүм Ф.Ю. менен маектешүү учурунда, ал психологиялык жактан жабыркагандыгы жана психологдордун жардамына муктаж экендиги аныкталып, ага өз учурунда жардам көрсөтүү максатында, Кара-Суу районунун социалдык өнүгүү башкармалыгына сунуш каты жиберилди.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!