"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңеш электрондук тамекиге тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш 26-июндагы жыйынында электрондук тамекини сатууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев, Алишер Козуев, Бекмурза Эргешов, Айбек Маткеримов, Марлен Маматалиев, Аида Исатбек кызы.

Долбоорго ылайык, электрондук тамекини пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамды бузган жеке жактарга 40 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Электрондук тамеки саткан жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу каралган. Ташыгандарга 150 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат же 1 жылдан 2 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазасы колдонулат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!