Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 31- октябрда өтүшү мүмкүн 7-июнь, 2021-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 38 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо үстүбүздөгү жылдын 31 — октябрына белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналы аркылуу билдирди.Анын айтымында жакында парламенте Шайлоо Кодекстерине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору келип түшөт.«Ал жакта мыйзамга маанилүү эки өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Биринчиси — кварталдык жана үй комитеттеринин башчыларынын шайлоо процессине аралашуусуна жана үгүт иштерине тыюуу жургузүү. Экинчиси шайлоого катышам деген атка минээр өз милдеттерин шайлоо өнөкөтү учурунда убакыктылуу гана токтотуп койбостон, биротоло отставка кетүүсүн талап кылган норма», — деп билдирди депутат.Эл өкүлүнүн айтымында жаны мыйзамдарга ылайык, парламент саясий партиялардын тизмеси аркылуу 55 мандат алса, бир мандаттуу аймактар аркылуу 35 мандатка ээ болсо болот.Ошондой эле партиялар шайлоого катышуу үчүн күрөөго 1 млн сом койсо, 1 мандаттуу аймактан чыккан талапкерлердин койгон күрөөсүнүн суммасы 100 мин сомду түзөт. Альбина Метерова 7-июнь, 2021-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 38 Бөлүшүү: Шилтемени көчүрүү