"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу МАМАШОВА: “КАЛКТЫН АЯЛУУ КАТМАРЫНЫН КӨЙГӨЙҮН ЭСКЕ АЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК”

Жаштыгына карабай Парламенттин эки чакырылышына депутат болгон Айсулуу Турусбековна үй-бүлөнүн очогун гана кармабастан, карьерасын да ийгиликтүү жолго салган үлгү тутчу айымдардын катарында турат. Кезегинде Ата- Мекен парламенттик фракциясын жетектеп, саясатта жылдызы жанган эл өкүлү менен депутаттык ишмердүүлүгү өлкөдөнү коомдук-саясий абал туурасында маектештик.

— Айсулуу Турусбековна, адатта эл өкүлдөрү жайкы эс алууга тараар алдында мыйзам долбоорлорун “дүңүнөн” кабыл алышты “адат” кылып алышат. Быйыл да мындай көрүнүш кайталанууда. Муну менен мыйзамдарды чийки кабыл алып жаткан жоксуздарбы?

— Чынында мындай көрүнүш эл өкүлдөрү жайкы тыныгууга кетер алдында ар жылы кайталанып келе жатат. Ооба, сиздин соболуңузда айтылгандай, жайкы эмгек өргүү алдында “чийки” мыйзамдар да кабыл алынып калгандай болууда. Аныгында ар бир мыйзам алгач тиешелүү комитеттерде каралып, айтылган сунуш-пикирлер киргизилип, оңоо-түзөтүүдөн өтүп, 3 окуудан соң палатага чыгарылып, кабыл алынат. Өткөн аптада административдик-аймактык реформа тууралуу мыйзам парламентте эч кандай талкуусуз 3 окуудан кабыл алынды. Бул мыйзамды талкуулаганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Тилекке каршы, коомчулук көрүп, байкагандай жайкы эс алуу алдында мыйзам долбоорлорун кабыл алууда дал ушундай көрүнүштөр болуп кетүүдө.

— Мунун өзү мыйзамды сыйлаган, укуктук мамлекет саналган биздин өлкөнүн келечеги үчүн терс таасирин тийгизет да туурабы?

— Албетте, терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Жогоруда айтканымдай, административдик-аймактык реформа тууралуу мыйзам долбоору боюнча көйгөйлөр менен сунуштарды айтууга бизге мүмкүнүчлүк беришкен жок. Дал ушул мыйзам боюнча жергиликтүү эл менен шайлоочуларыбызда көптөгөн талаш жараткан көйгөйлөр жаралууда. Жергиликтүү элден бул боюнча бир катар сунуштар да келип жаткан.

— Жакында Президент Садыр Жапаров өлкөбүздөн өндүрүрүлгөн паспорттор бериле баштаарын айтып, кубанычтуу кабары менен бөлүштү. Мындай көрүнүшкө карата оюңуз кандай?

— Биз эми жакшыны жакшы дешти да билишибиз керек да, туурабы? Паспорттор боюнча абдан жакшы саамалык болгону турат. Болгондо да 1-июлдан 31-августка чейинки аралыкта акысыз түрдө жаңы үлгүдөгү паспортторду алмаштырууга мүмкүнчүлүк берилди. Жеке эле мен эмес, бул жараянды жалпы элибиз колдоп, кубаттаса керек…

— Жакындан тарта бала бакчалардагы балдардын тамак- ашына мамлекет каражат бөлбөй турган болду. Наристелердин тамак-ашынан башка деле булактар менен каржылык абалыбызды үнөмдөсөк болот беле?

— Биз балдардан эч нерсени аябашыбыз керек! Кичинекей наристелердин тамагынан үнөмдөлгөн каражаттар менен жаңы бала бакчалар куруларын Өкмөттөн билдирип жатышат. Биздин өлкөдө калктын аялуу катмары болгон көптөгөн жакыр жашаган жаш үй-бүлөлөр бар. Мындай аялуу катмардагыларды да эске алыш керек. Билим уяларында буга чейин ата-энелер фонду жоюлган. Эми тамак-ашка деген каражатты ата-энелер ошол фонд аркылуу чогултушса, көзөмөл кандай болот? Көпчүлүктүн чогулган каражатынын эсеп-кы- сабынан келишпестик же кандай- дыр бир чыр-чатактар чыгып кетпейби? Ушул өңдүү маселелерди жөнгө сала турган атайын бир механизм жок болуп жатат. Ошондой механизмди ойлоп, ишке киргизгенге күзгө чейин Өкмөттүн убактысы бар.

— Алдыда 2 айлык эс алуу өргүүсүндө убактыңызды бала багуу менен өткөрөсүзбү же шайлоочуларыңызга жолукканга да убакыт табасызбы?

— Бизге 1 айлык эмгек өргүү берилсе, 1 ай шайлоочулар менен жолугушканга убакыт берилет. Үй-бүлөмө, балдарыма сөзсүз убакыт бөлөм. Эл менен иштешүүгө бөлүнгөн убакытымды мен эч качан текке кетирбей, көпчүлүктүн арасында карапайым элибиз менен иштешем.

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!