Жогорку Кеңештин 4 жолку чакырылышына шайланган салмактуу депутаттардын бири Улугбек Зулпукаровичтин Парламентте бараандуу орду бар. Эл өкүлү Президент Садыр Жапаровдун 4 жылдык башкаруусундагы иштерди тизмектеп, ага удаа депутаттык ишмердүүлүгүнө байланышкан соболдор менен өлкөдөгү коомдук, саясий абалга карата агынан жарылды.
— Улугбек Зулпукарович, жыл жаңырган соң эл өкүлдөрү аймактарды кыдырып, шайлоочуларыңыздар менен жолугушууга барып келдиңиздер. Айтыңызчы, эл менен жолугушууда сиздерге карата көндүм болуп бүткөн көйгөйлөр көтөрүлдүбү?
— Ооба, Парламенттин эреже, иш-тартибине ылайык жыл жаңырганы биздин кесиптештер шайлоочулар менен жолугушуп, аймактарды кыдырып кайтышты. Биз эми атайын бекитилген иш-тартиптен тышкары деле эл менен жолугушуп, карапайым шайлоочуларды кабыл алып турабыз. Азыр Парламенттин имаратына келгенде ондогон, ал тургай жүздөгөн адамдар депутаттардын жеке кабыл алуусуна келишкенин өзүңөр деле көрүп жатсаңар керек. Маселен, жеке өзүм күнү куру эмес мага кайрылышкан шайлоочуларымды кабыл алып, алардын кайрылуусун тыңдап турам. Бул жолку эл менен жолугушууда албетте, көпчүлүктүн көндүм суроолору, жогорку бийлик өкүлдөрүнө карата сунуштары, кайрылуулар жана суранычтар айтылды. Жеке мен карапайым шайлоочуларымдын ар бир кайрылуусуна жоопкерчилик менен мамиле кылып, олуттуу мамиле жасайм. Мындай ыкма менин депутаттык ишмердүүлүгүмдөгү айныгыс алтын эрежелеримдин бирине айланган.
— Жакында Президент Садыр Жапаровдун өлкөбүздүн “эки тизгин, бир чылбырын” колго алганына 4 жыл толгону турат. Өлкө башчыбыздын бул аралыктагы ишин тажрыйбалуу депутат, саясатчы катары сыдыргыдан кандай деңгээлде өткөрөт элеңиз?
— Айтканга оңой болгону менен бул жылдар ичи Президент Садыр Жапаров жана аткаруу бийлигиндеги анын командасы үчүн чоң мээнетти талап кылган, оңой эмес жылдардан болду. Өлкөдөгү бул аралыкта кылынган иштерди жалпылап, “чөп башылабай”, балким конкреттүү бир багыттары боюнча сөз кылсак жарашмак.
— Жакшы болмок. Парламенттеги транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү катары сиз менен дал ушул тармактарга байланышкан иштерди кеп кылсак…
— Азыр өлкөбүздө, айрыкча Бишкек, Ош шаарларында курулуштун көлөмү болуп көрбөгөндөй өсүп, көбөйдү. Мени сүйүнткөнү, бизди гана эмес, эл аралык коомчулукту таңданткан курулуштарды кыргыздын жаш, өсүп келе жаткан жигиттери куруп жатышканы мактоого арзыйт. Мамлекет бул жагынан аларга колдоо кылып, инвесторлорго эшик ар убак ачык экенин, алардын иш жүргүзүүсүнө ар тараптан кепилдик берилээрин Президентибиз өзү баш болуп убадалашууда. Экинчи чоң багыт, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жакында миңдеген жарандарыбыз өздүк батирлерине ээ болушту. Дагы он миңдеген батирге муктаждарга 1-2 жылдын ичинде үйлөр курулуп, берилгени турат. Президент Садыр Жапаровдун 4 жылдык мөөнөтүндөгү эң артыкчылыктуу иш –дал ушул үйү жоктордун муктаждыгын чечкен күжүрмөн аракети экенин бүгүн ар бир экинчи жараныбыз айтууда. Тээ союздун убагынан бери аймактардагы район, шаарлардын борборлоруна көп кабаттуу үй куруу дээрлик токтоп калган. Азыр Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу бул жагы Нарын, тиягы Талас, Жалал-Абад, Баткен баштаган бардык аймактарга көп кабаттуу үйлөр салынууда. Мамлекеттик мекемелердин аймактардагы бөлүмдөрүнүн имараттары Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен заман талабына ылайык жаңылана курулуп, улам бири ачылып жатканын көрүп, көзүң кубанат. Атайын кызматтын өлкө аймагы боюнча бардык бөлүмдөрүнүн имараттары жаңыланып, мамлекет тарабынан толук шарттар түзүлгөнү менимче, буга чейинки тарыхыбызда болбосо керек. Өлкө аймагы боюнча буга чейин каралбай калган бир катар аба-майдандары жаңыланып, ишке берилди. Кылымдын курулушуна айланган эл аралык стратегиялык мааниге ээ “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу өзгөчө тарыхый мааниге ээ болду. Мындай кебим азыркы социалдык түйүн колдонуучулары жазгандай “пахта коюу” эмес, кеп кезеги келгенде айтылчу адилеттүү гана пикирим.
— Бирок, ушундай саамалыктарга карата деле сындар айтылып жатканын кайда катабыз? Маселен, мамлекет жетекчилиги тарабынан күч органдарына карата көрүлгөн камкордукту “ушундан көрө оорукана салышса болмок” деген пикирлерди ошол эле соцтүйүндөрдөн сиз деле окуп жатсаңыз керек…
— Кыргыздын “кой аксагы менен миң” деген баалуу кеби бар. Кээде айрымдар адилеттүү пикир айткандын ордуна “кычыктана” бир нерселерди жазганын көрүп эрксизден баш чайкайсың! Көпчүлүк болгон соң мындай катмардагылар да болот тура. Ушул жерден бир фактыны кыстара кетүүнү туура көрүп жатам. Республикалык урология борборуна өткөн жылы мамлекет жетекчилигинин колдоосу менен Орто Азия чөлкөмүндө жок, бейтаптар үчүн аба менен суудай зарыл эң күчтүү, заманбап медициналык аппараттын миллиондогон баага алынышы эмне деген баага татыйт? Буга чейинки өлкө жетекчилери “бюджет жол бербейт, казынада акча жок” деп жоктон башканы кеп кылбай келишкен. Азыр Президент өзү баш болуп “каражат бар, курабыз, салабыз, сатып алабыз, идея жана долбоор болсо акча беребиз” деп жатышат. Буга чейин мындай чечкиндүү аракеттер болду беле? Президент Садыр Жапаровдун 4 жылдык ишмердүүлүгүнө байланышкан жогоруда келтирген мисалдарым Өлкө башчысынын ишмердүүлүгүнүн чет-бучкагын гана түзөт. Ал эми анча-мынча, майда-барат кемчиликтерди анын күжүрмөндүк менен иштеп жаткандыгынын көрсөткүчү катары бааласак болот.
— Соңку жылдары Бишкек шаарын каптаган ыштын айласынан жана ички миграциянын ашыкча топтолуусунан улам баш калааны тез арада өлкөбүздүн башка аймагына көчүрүү сунушу байма-бай айтылууда. Өзгөчө экологдор Бишкек шаарын каптаган кара түтүндүн келечекке тийгизген таасири өтө жаман болоорлугу боюнча олуттуу коңгуроо кагып атышат. Азыркыдай сандагы калаа тургундары менен машинанын сыйымдуулугун көтөрө албай бараткан шартта мындай сунуштар балким жөндүү деп ойлойсузбу?
— Ооба, Бишкек шаары бүгүн абасы булганган көрсөткүч боюнча анча-мынча дүйнөлүк калааларды артка таштамай болду. Бул ойлоно турган олуттуу сунуш. Башкасынан да элибиздин ден-соолугу боюнча ойлоно турган кез келди. Эгерде биз бул көйгөйгө бүгүн олуттуу киришпей, ушул ыргакта кете берсек, бүтүндөй улутубуздун саламаттыгына доо гана кетирбестен, чоң көйгөй жаратып алабыз. Туура, Бишкек чоюлчаак эмес. “Жакынкы 10-15 жылда климаттык миграция башталып, суу тартыштыгы күчөп, Индия, Бангладеш, Пакистан, коңшу Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн суунун тартыштыгынан улам мигранттар Бишкекке агылып кирет” деген буга чейинки божомолдор азыр акырындап ишке аша баштады. Мындай өңүттөн караганда борборду көчүрүү улуттук коопсуздук жагынан алганда да абдан маанилүү болгонсуйт. Жакында эксперт Эрнест Карыбеков бул тема боюнча абдан негиздүү пикирин жазып, өлкөбүздүн борборун Кочкор районунун аймагына көчүрүү боюнча талкууларга жем таштаптыр. Бул жагы албетте, ойлоно турчу маселе экен… Коомдук пикирде бул маселе жанданса, тиешелүү эксперттер дагы талдап чыгышса, мындай шартта бул маселеге мамлекеттик алкакта маани берүү туура болот. Ошондой эле бул маселеде эл аралык практиканы да эске алсак жаман болмок эмес. Депутаттык иш сапар менен Пекин шаарына 2009, 2024-жылдары 2 ирет бардым. 15 жылдын ичинде кытайлар эң ири шаарды ыштан тазартканын көрүп, таң бересиң. Ошондуктан, бул маселелер тиешелүү эксперттер менен бирге талкууланып, чечилиши абзел.
Калыгул Бейшекеев