ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫ 17-ДЕКАБРДА ӨТӨТ
Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун расмий жыйынтыгын бекитти. БШКнын 12-декабрдагы жыйынында 87 талапкер шайланды деп табылып, жыйынтыктоочу токтом кабыл алынды. Жаңы шайланган депутаттардын жыйыны 17-декабрга пландаштырылып жатат. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы биринчи жыйынга чогулган күндөн тартып мурдагы депутаттардын ыйгарым укуктары токтойт.
Ошентип, эч кандай ызы-чуусу, тополоңу жок парламенттик шайлоону жыйынтыктап алдык. Эл арасында ири нааразычылыктар болгон жок. Бул жалпыбыз үчүн чоң жеңиш болду окшойт десек жаңылышпайбыз. Анткени, эгемендүүлүк алгандан бери Жогорку Кеңештин шайлоолору кандай өтүп келгенин билебиз. Мамлекетибиздин тагдырын бычактын мизине чыгарган төңкөрүштөрдүн баары так ушул парламенттик шайлоолордон кийин орун алган. Административдик ресурс колдонуп, бийлик тандаган талапкерлер көз көрүнөө сүрөөнгө алынып, коомчулуктун кыжырын кайнатчу. Адилетсиздикке чыдабаган эл толкуп, жыйынтыгы тоз-тополоң менен бүтчү.
Быйыл андай калпыстыктарга жол берилген жок. Административдик ресурс дегендин кыпындай дагы көрүнүшү болбоду. Пачкалап бюллетень салган, карусель ыкмасын пайдаланган, кайра-кайра добуш берген ыплас технологияларга орун берилбеди. Санариптештирүүнүн натыйжасында, андай ыкмалар өзүнөн өзү жокко чыкканына күбө болдук. Бир гана өкүнүчтүү жагдайы, тымызын добуш сатып алуулар болгону айтылып жатат. Бул эми талапкер менен шайлоочунун ортосундагы маселеге байланды, бул жерде бийликтин эч кандай катыштыгы жок. Арийне, таштап койбой, добуш сатып алгандарды кармап калса дароо шайлоодон четтетип, кылмыш ишин козгоп, жазалап жатты. Шайлоонун алдында Президент баш болуп добушту сатпоо керектигин тынымсыз айтып жатты. Айтор, шайлоону таза өткөргөнгө колдон келишинче аракет кылды, ага жалпыбыз күбө болдук. Шайлоо калыс, адилет өттү. Кийинкилери мындан дагы таза өтөрүнө ишеним жаралды.
БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров ири иш-чара аягына чыкканын, нааразычылык акциялары болбогонун билдирип, Жогорку Кеңештин алгачкы жыйынынын датасын айтты.
“Ушуну менен чоң иш-чараны бүтүрдүк. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болсо керек, митингдер болгон жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын же Аймактык шайлоо комиссиясынын жанында нааразы жарандардын келген фактылары аныкталган жок, болгон да жок. Ошондуктан бул да бир көрсөткүч, жетишкендик деп баалайт элем. Бул үчүн баарыңыздарды куттуктайм. Акыркы чечимди – токтомду биз кабыл алдык. Жогорку Кеңештин 87 депутатын каттадык. Расмий иш-чара Жогорку Кеңештин имаратында 17-декабрга пландаштырылып жатат” деди Т.Шайназаров.
Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктары боюнча соңку маалыматын жарыялап, шайлоону өткөрүүдө өзүнүн милдеттерин мыйзамдын талаптарына ылайык толугу менен кынтыксыз аткарганын, бардыгы календардык пландын негизинде ырааттуу жүргөнүн билдирди. Анда белгиленгендей, өлкө аймагында 2492 шайлоо участогу түзүлдү. Анын ичинде 27 тилкеде аралыктан добуш берүү уюштурулду. Чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылды. Шайлоого 589 жаран талапкер болуп көрсөтүлүп, 63 жаран арызын кайтарып алса, 56 жаранга каттоодон өтүүгө баш тартуу чечими кабыл алынып, 10 талапкердин каттоосу жокко чыгарылган. Ошону менен шайлоого жалпы 460 талапкер катышкан. Алардын 271и эркек, 189у аял талапкер, майыптыгы бар 16 талапкер болду.
Өнөктүктү байкоого 58 өлкөдөн 788 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө 137 жалпыга маалымдоо каражаты катталган. Шайлоочулардын тизмесине 4 294 243 жаран киргизилип, 1 584 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90%ын түздү. 12-декабрга карата БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна 274 бузуулар тууралуу маалымат келип түшкөн. Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъектилерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топко 116 материал келип түшкөн. Анын ичинен 62 факты боюнча административдик айып салынган. Ал эми БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобуна төрт билдирүү келип түшсө, анын ичинен эки факты боюнча административдик айып салынган.
Эртең 87 талапкер мандат алат, ал эми…
БШК шайлоонун жыйынтыктары боюнча акыркы токтомду кабыл алып, 87 талапкерди парламенттин депутаты кылып каттады. Алар эртең мандат алат. Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган, анда кайра шайлоо өтүшү керек. Конституциялык Мыйзамга ылайык, аталган округ боюнча шайлоого катышкан бардык талапкерлер кайрадан талапкер болуп каттала албайт.
Эске сала кетсек, шайлоонун жыйынтыктары боюнча айрым округдарда өзгөрүүлөр болду. Атап айтсак, добуш сатып алуу учуру тартылган видеолордун негизинде аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелердеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды. Анын натыйжасында бул округдан гендердик квота боюнча алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошованын добушу азайып, Нуржамал Төрөбекова жеңүүчү катары таанылды. Ошондой эле №9 округунун жети шайлоо тилкесиндеги (№5039, №5548, №5040, №5054, №5577, №5041, №5050) добуштар жокко чыгарылгандан кийин гендердик квота боюнча алдыга чыкканы кабарланган Ыргал Кадыралиеванын добушу кемип, ордуна Жылдыз Эгембердиева депутат катары катталды. Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Элдар Абакиров Кемин районунда 460 миң сом менен адамдар кармалганын айтып, №26 шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Териштирүүдөн кийин ИИМ акча тараткан адам талапкерге тиешеси жоктугун билдирип, натыйжада БШК чечимин өзгөрткөн жок.
Кылычбек Кудайбергенов