"Эркин-Тоо"
Эл өкүлү эмне дейт? Эркин Тоо гезити

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек САМАКОВ: “ШАЙЛООДО ДОБУШ БЕРБЕГЕНДЕР ПАРЛАМЕНТТИ СЫНДАШУУДА…”

Чыныгы жигит эл оозуна алынат. Кубанычбек Карганбекович жаштайынан эл оозуна алынып, кырктын кырына чыккыча 2 жыл ичинде парламенттин эки чакырылышына депутат болуп, образдуу салыштырганда “кылыч шилтеп” турган чагы. Эл өкүлү депутат болушуна атасынын канчалык деңгээлде тиешеси бардыгын, парламенттеги ички абал, элге берген убадалары, мыйзамчы катары тикелей милдетине кирген иштери өңдүү бир катар соболдорубузга жооп узатты.

— Кубанычбек мырза, мамлекеттик гимндин сунушталган бир канча жаңы варианттарын парламенттен сиз мүчө болгон комитет четке кактыңыздар. Мындай улам бир “чийки” вариантты талкуулагыча гимндин эски вариантын эле колдоно берүү туура болот беле?

— Парламенттин кароосуна келип түшкөн кайсы гана маселе болбосун мейли ал мыйзам долбоорлору болобу же башка да кечиктирилбестен карай турган күн тартибиндеги иштерби, айтор, кандай көйгөйлөр болбосун эл өкүлдөрү тарабынан талкууланып, талданат. Талкуулоо бул Жогорку Кеңештин бирден-бир негизги милдети. Андыктан сунушталып, кароого коюлган гимндин чийки варианттарын талдап, айрым жагдайларын тактап, анан гана азыркы гимнден бардык тарабы жакшы боло турган болсо гана кабыл алабыз. Парламент – бул коллегиялдуу орган. Келип түшкөн кандай гана маселе болбосун көпчүлүк депутаттар тарабынан талкууланып, талданып, андан соң гана жыйынтык чыгарылат. Парламенттин, эл өкүлдөрүнүн табиятына мүнөздүү болгон мындай иштерден кыйкым издөө туура эмес го деп ойлойм.

— Кыйкым издөө эмес, эл өкүлдөрүнүн ишиндеги “мыжыкый” жүрүштөрүнөн улам келип чыккан собол болду деп ойлойм. Сиздин саясаттагы “тушооңуздун кесилиши” парламенттин өткөн VII чакырылышына туш келди. Дал ошол VII жана азыркы VIII чакырылыштагы кесиптештериңизди бир кездери атаңыз Карганбек Самаков шайланган II-III-V чакырылыштагы эл өкүлдөрүнө салыштырууга мүмкүнбү? Барган сайын депутаттык корпус “майдаланып” баратат деген пикирге кошуласызбы?

— Мыйзам чыгаруу, кабыл алуу, өзгөртүү процедуралары мурун кандай болсо, азыр деле ошондой. Өлкө башчыбыз мамлекеттик түзүлүштү Баш мыйзамдын негизинде өзгөртүп, толук жоопкерчиликти өзүнө алып, мамлекеттик башкаруунун моделин Президенттик формага өткөргөн өлкө болдук. Парламенттин өткөн чакырылыштары менен азыркы чакырылыштарынын айырмасы ошол башкаруу формасынын өзгөрүшүндө. Ошол эле V чакырылыштагы эл өкүлдөрүнүн тагдырына өлкөбүз парламенттик башкарууну тандаган убак туш келген. Мындайда албетте, парламенттин, андагы эл өкүлдөрүнүн ролу айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Ал эми сурооңуздагы “парламент барган сайын майдаланып баратат” дегениңизге анчейин кошула бербейм. Кандай гана бийлик формасы болбосун, үч бийлик бутагы бири-бирине көз каранды жана тыгыз иш алып барганда гана мамлекеттин өнүгүүсү болот.

— Өзүнүн парламенттеги мыйзам жазуу, аны көзөмөлгө алуу өңдүү тикелей милдетин унутуп, элге жагынууну, саясий упай алууну көздөгөн парламенттеги жоон топ болуп келген. Дегеле эл өкүлү парламенттин беделине сокку урдурбаш үчүн кандай болушу керек?

— Аныгында парламент саясаттын анык чордону болгон куттуу жер. Ал жерде 90 депутаттын ар кимисинин ар башкача мүнөзү, иш алып барган жөндөмү ар башкада. Бирок, парламент институтуна мыйзам менен ыйгарылган жалпы милдеттеме сиз айткандай мыйзам жазуу, аны көзөмөлдөө, аткарылышын талап кылуу кирет. Анын үстүнө депутаттын дагы бир эң негизги милдети бул – эл менен аткаруу бийликтин ортосунда көпүрө болуу. Биз ушуну популизм менен элге жагынуу деп алмаштырбашыбыз керек. Бул дагы эл өкүлүнүн мыйзам менен белгиленген айныгыс милдеттеринин бири экенин биле жүрүшүбүз зарыл.

— Быйылкы кыш чилде тоолуу Нарын облусу үчүн мамлекеттен Теңир-Тоого аяздуу ызгаарда кандай жардам керек экенин көрсөттү окшойт. Айтыңызчы, Нарын облусу үчүн алдыда кандай максаттарды токтоосуз ишке ашыруу планыңыз бар? Шайлоо алдында тоолуу аймакка берген тоодой убадаларыңыз азыркыдай шартта иш жүзүнө ашчудайбы?

— Материалдык жактан карасак андай убада бергенге мыйзам деле жол бербейт. Мен Нарында чоңоюп, өскөн уул катары тоолуу аймактагы ички көйгөйлөрдү жакшы билем. Карапайым шайлоочуларыма да аламан жарыш убагында жергиликтүү аймакка тиешелүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн колуман келе турган убадаларды бергем. Депутаттык ишмердүүлүгүмдүн бирден-бир негизги бөлүгү ошол убадаларымдын үстүнөн иштөөгө арналмакчы.

— Соңку жылдары парламент кабыл алган мыйзамдардын сапаты боюнча оюңуз кандай? Эл өкүлдөрүнүн демилгеси менен кабыл алынган мыйзам долбоорлоруна коомдук катмардын “шашылыш, “дүңүнөн”, “чийки” кабыл алынган” деп берген сыпаттамалары балким орундуу болуп жүрбөсүн…

— Эл өкүлдөрү коомчулуктун дайыма назарында болгондон улам депутаттар ар дайым сынга алынып келишет. Азыр эрте турганы эл өкүлдөрүн “жеткени жети муштамайды” адат кылып алышканы жалганбы? Чындап келсе парламенттик шайлоого келип, атуулдук милдетин аткарбагандар азыр парламентти башкалардан көбүрөөк сындашат. Ушул жерден сөз ыңгайы келгенде бир жөнөкөй чындыкты айтып коёюнчу. Башкасын айтпаганда да өткөн VII чакырылыштын депутаты катары биз эгемендүүлүккө ээ болгондугубуздан бери чечилбей келген эң чоң тарыхый мыйзамдарды, тагыраагы, кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларын делимитация жана демаркация көйгөйлөрүнө чекит коюучу ратификация мыйзамы, Кемпир-Абад суу сактагыч маселеси, өлкөбүз үчүн алыскы Европага жол ача турчу эң чоң Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун курууну макулдашууну кабыл алуу өңдүү өтө чоң, тарыхый жактан абдан маанилүү мыйзамдарды чогуу кабыл алдык. Ошон үчүн биз тараптан кабыл алынган мыйзамдарга карата “чийки”, “майда” деген сындарга таптакыр кошула бербейм. Биз кабыл алган жогорудагы мыйзамдар Кыргызстандын келечегинин пайдубалы дээр элем.

— Саяпкери жарашса табына келген тулпар ар убак алдыга озоору тарыхта деле далай ирет тастыкталгандай, парламенттик жарышта ата баркы менен жеңишке жетип жатканыңызды моюндай аласызбы?

— Албетте, “ата баркы менен кыз өтөт” дегендей, өз кезегинде атамдын Жогорку Кеңешке Нарын округунан ар шайлоо сайын депутат болгону, анын жеке аракети менен ошол кезде жазылган мыйзамдарынын бүгүнкү күнгө чейин карапайым элге пайдасын берип иштеп жатканы шайлоодо мага чоң жардамдардын бири болду. Атамдын бир округдан төрт жолу катары менен депутат болушу анын эл арасында, өзгөчө тоолуктардын тоодой тирегине айланганын билдирет. Атама болгон элибиздин ошондой бекем ишениминин уландысы элдин мага берген ишеним мандаты деп эсептейм. Мен атамдын батасы менен эл жүгүн аркалоого багыт алганымды танбайм.

— Теңир-Тоодогу айрым айылдардын “тоолуу аймак” категориясына кирбей, дал ушул маселелер боюнча талаш жараткан жагдайлар көп экенин билебиз. Аймактан шайланган эл өкүлү катары сиз бул көйгөйлөрдүн чечилишине чекит коюуга салым кошуу планыңызда барбы?

— Албетте, айылдаштарым менен шайлоочуларымдын мага койгон бирден-бир талаптары дал ушул маселе. Кызыгы, Теңир-Тоодо эки айыл жанаша турганы менен бири “бийик тоолуу категорияга” кирип, бири кирбей калгандыгы болууда. Ошол эле Ак-Талаа районунун айрым жерлери 10, 20 метрдин айынан «бийик тоолуу алыс жана жашоо шарты катаал» деген категорияга мурда кирбей калган. Кудай буюрса, Ак-Талаанын ошол алыскы айылдарын дагы «бийик тоолуу алыс жана жашоо шарты катаал» деген категорияга коштуруу абзел. Дал ушул көйгөйлөрдүн чечилишине салым кошуу депутаттык ишмердүүлүгүмдөгү айныгыс пландарымдын бири болмокчу.

Калыгул Бейшекеев