"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улугбек Ормонов: “КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨДӨ ЖОК ТЕНДЕНЦИЯГА ЖОЛ АЧТЫ”

Жети ирет парламенттик жарышка катышып, анын ичинен 4 жолу атаандаштарынан ат чабым алдыга озуп, эл өкүлү болгон Улугбек Зулпукарович соңку ирет да жарыштан “үчтүн бири” болуп, учурда “демин ичине катып” турган кербези. Элге, өзгөчө кичи мекенине мандатсыз кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөтүп келген каарманым менен бул сапар бир катар соболдордун тегерегинде кызык маанайда маектештик.

– Улугбек Зулпукарович, башынан шайлоонун “шайтан оюндарын” көп өткөргөн, тажрыйбалуу парламентарий катары соңку ирет Жогорку Кеңешке карай аламан жарышта көпчүлүк күйөрмандарыңыз сыяктуу мен дагы сизди образдуу салыштырганда “көздү жумуп туруп” маарага келсе керек деген ишеничте элем. Жетинчи ирет жарышта эмнеден жаңылып-жазганыңыз көпчүлүккө дагы кызык болсо керек…

– Жарыш деген жарыш. Аламан жарышта сөзсүз бирөө жеңет, экинчилери жеңилет. Анан калса шайлоо жарышын эч ким бир калыпка сала албайт. Аламан жарышка аттанган соң шайлоонун күнгөй-тескейине, оош-кыйыш жагдайларына, керек болсо жеңилүү ызасына да даяр болуп барыш керек. Анан калса мен аттанган биздин №10 шайлоо округунан өлкөбүздөгү мен-мендеген саясатчылар, төбөсү элге көрүнгөн, мурда-кийин чоң кызматтарда иштегендер менен бир кайыкка түшүп, мандатка карай 16 талапкер ашыгып калдык. Бул округ Өзгөн районунун теңинен, ал эми Кара-Кулжа районунун толугунан куралды. Жогоруда өзүң жакшы белгилегендей, мен 7 ирет парламенттик жарышка аттанган кишимин. Анын ичинен 4 жолу депутаттык мандатка ээ болдум. Анча-мынча кемчиликтерди эске албаганда, элибиздин тандоосу ушундай болду. Бардыгы буйруктан жана элибиздин тандоосу менен пейилине жараша парламент куралды. Биз эми жаңы куралган Жогорку Кеңештин курамына мүмкүнчүлүк беришибиз керек.

– Дал ошол элибиздин тандоосу менен барган сайын парламенттин курамы майдаланып баратканын, “оор салмактагы” күчтүү мыйзамчылардын жоктугун кандайча чечмелейт элеңиз? Сиз алгачкы ирет эл өкүлү болгон 2005-жылдагы парламентке келген курамды элестете аласызбы? Дегеним, Жогорку Кеңеш ал убакта кандай белгилүү инсандардан куралды эле?..

– Мен дайыма айтып келем, тажрыйбалуу эл өкүлдөрү менен жаштардан куралган, эки күч айкалышкан парламент болсо, мындай чакырылыш тең салмактуу болуп, ошондо гана иш алдыга жылат. Бир канча чакырылышка депутат болушкан күчтүү мыйзамчылар жаңы курамдагы жаш эл өкүлдөрүнө тажрыйбалары менен бөлүшүп, алардын өрнөктүү иштерин жаш кесиптештер улантып кетсе дурус болмок. Бирок, биз минтип айтканыбыз менен шайлоо деген шайлоо экен. Чоң жарышта талапкерлердин тагдыры кандай болбосун элибиздин тандоосу менен чечилет. Мен башынан эле дал ушул 30 аймакка бөлүнгөн шайлоо жарышы боюнча оюмду айтып келгем. Өлкө аймагы боюнча 1 гана округ болгон, жалпы кыргыз эли добуш берген (партиялык система, шайлоочу партияга, анын ичиндеги талапкерге өзүнчө добуш берген) шайлоо эрежеси болгондо депутаттар так иргелип келишмек. Башкасын айтпай, партиялык жемкорлуктан көңүлү калган жалпыбыз 2021-жылы партияга дагы, партия ичиндеги талапкерге дагы добуш беришкенде, азыркыдай бир гана аймактын эмес, жалпы өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргогон эл өкүлдөрүн шайлоо башталган. Тилекке каршы, ушул эреже менен бир гана ирет парламент курамын шайладык. Эрежени өзгөртпөй, эң куру дегенде дагы 2-3 ирет парламентти шайлап алсак мамлекетчил, күчтүү мыйзамчы депутаттардын келишине шарт түзүлмөк. Азыр аймактардагы эл өзү тандаган талапкерлер депутат болуп келишти. Азыркыдай курамга окшогон, 75 округга бөлүнгөн парламент 2005-жылы 3-чакырылышка шайланып келгенбиз. Азыр эми 30 округдан 3төн депутат менен парламент куралды. Бул парламентти куроодо айымдарга өзгөчө шарт түзүлүп, тизмедеги ар бир үчүнчү орун айымдарга ыроолонуп (алган добуштарынын санына карабай), бул жагынан да Кыргызстан дүйнөдө жок тенденцияга жол ачты. Аныгында ар бир парламентке баа ошол чакырылыш өзүнүн ишин бүткөндөн кийин гана берилет. Азыркы курамга ант бергенине, тигил же бул маселеде өз деңгээлдерин көрсөткөндөрүнө эртелеп баа берсек туура эмес болуп калат.

– Жакында парламентте мамлекеттик сыйлыктар боюнча эки ача, керек болсо түрдүү пикирлер козголду. Мамлекеттик сыйлыктардын тартиби, аны кыскартуу боюнча тажрыйбалуу эл өкүлү катары сиздин да пикириңиз бардыр…

– Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруунун эрежесине өзгөртүү киргизип, ал эми санына карата катуу өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы жок болчу. Мамлекеттик сыйлыктарга карата 2015-жылы өзгөртүү кирген, ага ылайык мамлекеттик сыйлык алгандарга айлыгына же пенсиясына кошумча төлөм төлөнбөйт. Мамлекеттин казынасына чыгым деле келбейт. Өмүр бою мамлекеттик кызматта ак эмгек кылып, мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болуп жүргөндөр абдан көп. Алардын өлкө алдындагы “таман акы, маңдай терлерин” кезеги келгенде баалап, жаштарга үлгү жаратып койгонго неге болбосун? Мен тескерисинче, мамлекеттик сыйлыктардын тизмесине өлкөдө өз мээнеттери менен адалдан тапкан дүйнөсүнөн кайрымдуулук кылышкан ишкерлерге, миллиондогон каражаттарын берип адамдардын ден соолугун сактап калышканга себепчи болгондорго өзүнчө баа берилип, алардын өрнөктүү жүрүштөрү жаш ишкерлерге стимул болсо деген сунушту берет элем. Өлкө казынасына мамлекеттик сыйлыктар “жүк болбогон” соң, алардын санын кыскартпашыбыз керек. Мамлекеттик сыйлыктардын санын кыскартса эле сапаты жакшырып кетет деген позициядан алысмын. Садыр Нургожоевич өлкө башына келгенден баштап мурда-кийин мамлекетке кылган кызматтары үчүн жашы улгайган инсандарга сыйлык бере баштаганда мамлекетчил инсандардын көпчүлүгүндө “эртели-кеч эмгектерибиз эстелет экен го” – деген ойлор көп болгон. Өлкө башчыбыздын колунан сыйлык алышкан ата-апаларды көрүп, бардыгыбыз кубанганбыз. Ошондуктан, бул маселени парламент тереңирээк талкуулап, алымча-кошумчаларды эске алуу менен колдоп берет деген ойдомун. Балким, мамлекеттик сыйлыктардын арасында деле кайталанган жерлери бардыр. Ошол жагын карап, кескин кыскартууга барбай, мыйзамды кабыл алышса дурус болмок.

– Катар-катар чакырылыштарга депутат болуп жүргөн тажрыйбалуу инсандын бош отурушу орундуу деле болбосо керек. Анын үстүнө кыргыз сиздей инсандарды “атаң алтымышка чыкканда, алдап-соолап күчүн ал” – деп бекер жерден айтпаган чыгаар. Алдыдагы пландарыңыз кандай? Сиз азыр мандат күтүүнүн этабында туруп турасызбы? Же кызмат сунушталса ойлонбой жөнөгөнгө даярсызбы?

– 2005-жылы парламенттин 3-чакырылышына депутат болуп келгенден бери дээрлик 20 жылдан бери саясатта жүрөм. Ага чейин 20 жыл заводдо, өндүрүштө иштеп келгениме, керек болсо оор убактарга карабастан “Дастан” заводун сактап калганыбызга ар убак сыймыктанам. Өзүңөр жакшы билесиңер, соңку убакта өлкөбүздө өндүрүшкө көп көңүл бурулуп, жүздөгөн жаңы ишканалар ачылууда. Аныгында өндүрүш өнүкмөйүн, өлкө өнүкпөйт! Ушул күндөрү Сокулук районунда Кытай менен биргеликте автокуруучу ири завод курулууда. Мындан башка да бир катар заводдор ишке кирүүдө. Ал-күчүм барында алдыда өлкөбүздө дал ушул өндүрүш жагынан салымымды кошсом деген асыл максатым бар экенин жашырбайм. Биз мамлекеттен сурабай, тескерисинче эми өлкөгө бере турган курактабыз. Андыктан, депутаттык мандаттын кезеги качан келээрин аңдып, күтүп тургандан алысмын.

Калыгул Бейшекеев