Жогорку Кеңеш бинардык опциондорго тыюу салды
Бүгүн, 26-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында жер казынасын пайдалануу, оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүк, ошондой эле товардык кампаларга байланыштуу бир катар мыйзам долбоорлору каралды.
Атап айтканда, «Жер казынасы жөнүндө», «Күрөө жөнүндө» жана «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.
Документ жер казынасын пайдалануу тармагындагы мыйзамдык карама-каршылыктарды жоюуга, лицензиялоо механизмдерин өркүндөтүүгө, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө жана жер казынасын пайдалануу укугун берүүдө электрондук аукциондорду киргизүүгө багытталган.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү мыйзам долбоору да экинчи окууда кабыл алынды. Ага ылайык, онлайн лотереяларды жана санариптик ойнотууларды укуктук жөнгө салуу, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана жарандардын укуктарын коргоо каралган. Ошондой эле бинардык опциондор түрүндөгү кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат.
Ал эми «Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Документ кампалык каржылоо механизмин өркүндөтүүгө, кампа күбөлүктөрүнүн жүгүртүлүшүн санариптештирүүгө жана ишкерлердин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.
Мыйзам долбоорлорун тиешелүү комитеттин төрагасы Кубанычбек Самаков жана экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды.