Жогорку Кеңеште мектептердеги буллинг жана рэкетчилик талкууланды

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 99

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңеште мектептердеги буллинг жана рэкетчиликтин алдын алуу маселеси талкууланды.

Депутат Бурул Аманованын демилгеси менен өткөн тегерек столго мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, мектеп жетекчилери, психологдор, социалдык педагогдор жана эксперттер катышты.

Аманова жаңы окуу жылы башталгандан бери мектептердеги рэкетчилик жана ур-токмокко байланыштуу эки окуучу каза болгонун айтып, Сузак жана Чаткал райондорундагы окуяларга токтолду.

Депутат Кыргызстанда «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн мыйзамга киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирди.Возможно, это изображение один или несколько человек

Ал эми Агартуу министрлигинин өкүлү Алтынбек Эркимбеков мектептерде психологдордун штаттык бирдиктери окуучулардын санына жараша көбөйтүлөрүн айтты.

Тегерек столдо окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, буллингдин алдын алуу жана мындай фактыларга ыкчам чара көрүү механизмдерин күчөтүү маселелери талкууланды.

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 99
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X