Жогорку Кеңеште социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөр көтөрүлдү
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар калктын жашоо шартын жакшыртуу, социалдык объектилерди куруу жана оңдоо, жолдорду жаңылоо, коомдук транспортту өнүктүрүү жана айыл чарбасындагы көйгөйлөр боюнча бир катар маселелерди көтөрүштү.
Депутат Дастан Бекешев китепкана кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу жана Бишкектен аймактарга каттаган коомдук транспорттун жетишсиздиги тууралуу сөз кылды. Ал эми Улукбек Карыбек уулу Ак-Жар конушуна автобус каттамы киргизилгенине ыраазычылык билдирип, айрым жолдорду оңдоо жана бир катар райондорду саркынды суу тутумуна кошуу маселелерине токтолду.
Айыл чарбасындагы көйгөйлөр да көңүл борборунда болду. Депутат Алишер Козуев Кара-Суу районунда пахтанын сатып алуу баасы өздүк наркынан төмөн болуп жатканын белгиледи. Айгуль Ахмедова болсо пахтаны экспорттоодогу кыйынчылыктарды айтып, өлкө ичинде аны кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жер маселесине байланыштуу депутат Алтынбек Кылычбаев Манас шаарында курулуп жаткан аба майданга бөлүнгөн жерлер тууралуу сөз кылып, пайдаланылбай калган 360 гектар жерди мурдагы ээлерине кайтаруу зарылдыгын билдирди. Ошондой эле депутат Эдита Тайгараева Бишкектеги Ак-Ордо 3 конушунун 498-контурундагы турак жайларды мыйзамдаштыруу иштери кечеңдеп жатканын айтып, тиешелүү мекемелерди маселени чечүүгө чакырды.
Социалдык инфраструктураны жакшыртуу маселесин депутаттар өзгөчө белгилешти. Данияр Толонов Өзгөн районунда бала бакчаларды куруу, мектептерди жана стадиондорду оңдоо зарылдыгын көтөрдү. Улан Примов Кара-Суу районунун Жоош айылындагы мектептин курулушун аяктоону талап кылды. Болотбек Борбиев Токтогул районундагы айрым айылдарда мектеп маселеси курч экенин белгилесе, Гулшаркан Култаева Шамалды-Сай шаарындагы мектептерге кошумча имараттарды курууну сунуштады.
Депутат Гүлай Машрапова Кара-Суу районундагы №118 Д. Султанов атындагы жатак мектептин 1959-жылы курулган имараттарын оңдоо керектигин билдирди. Нилуфар Алимжанова Ноокат районундагы айрым бала бакчалардын ашканаларын жана оюн аянтчаларын жаңылоону, ошондой эле Тескей айылындагы сугат суу маселесин чечүүнү өтүндү.
Саламаттык сактоо жана балдардын коопсуздугу боюнча да сунуштар айтылды. Гүлнара Баатырова балдар арасында онкологиялык оорулардын көбөйүп жатканын белгилеп, 28 штаттык бирдиктен турган атайын бөлүм ачуу сунушун көтөрдү. Таалайбек Сарыбашов мектептердин айланасында жана коомдук жайларда сапатсыз таттууларды сатууга чектөө киргизүүгө чакырды. Жаныбек Абиров оор жүк ташуучу унаалар жол эрежелерин сактабагандыктан, өзгөчө балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралып жатканын эскертти.
Аймактар аралык каттамдар жана чек ара маселелери да талкууланды. Райимберди Дүйшенбиев Аксы районундагы Кызыл-Жар айылы менен Өзбекстандын Үч-Коргон айылынын ортосунда мурда иштеп келген чек ара өткөрмө пунктун кайра ачууну сунуштады. Анын айтымында, жергиликтүү тургундар мурда бул пункт аркылуу каттап келишсе, азыр алыскы Кең-Сай өткөрмө пунктун пайдаланууга аргасыз. Депутат Лейлек районунда да ушундай көйгөй бар экенин белгиледи.
Сеидбек Атамбаев Бишкекке жакын Баш-Кара-Суу айылындагы коомдук транспорт каттамдарын калыбына келтирүү жана айрым айылдарга каттаган автобустардын санын көбөйтүү демилгесин көтөрдү. Сүйүнбек Өмүрзаков Өзгөн районундагы оңдоого муктаж жолдорго көңүл бурду.
Мындан тышкары, депутат Алтынбек Кудайбердиев Ош облусундагы Папан суу сактагычынын жээгинде эс алуучулардын саны көбөйүп, санитардык абал талаптагыдай көзөмөлдөнбөй жатканын айтты. Кубанычбек Самаков Кумтөрдүн дүң кирешесинин 0,6 пайызы Нарын облусундагы Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна бөлүнөрүн эске салып, топтолгон каражат айылдарга адилеттүү бөлүштүрүлбөй жатканын сынга алды.
Ошондой эле Чынгыз Ажибаев Лейлек районундагы айрым айылдардын тургундары «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун ала албай жатканын айтып, алардын айыл аталыштарын жана административдик-аймактык таандыктыгын тактоо зарылдыгын белгиледи.
Жыйынтыгында депутаттар көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдар карап чыгып, социалдык инфраструктураны жакшыртуу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактардагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча зарыл чараларды көрүшү керектигин белгилешти.