Жогорку Кеңештин депутаттары мугалимдерге сыйлыктарды тапшырды
Жогорку Кеңештин депутаттары билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушуп, агартуучуларга парламенттин сыйлыктарын тапшырышты.
Депутат Гүлкан Молдобекованын демилгеси менен уюштурулган жолугушууга Түп, Ысык-Көл, Ак-Суу жана Талас райондорунан, ошондой эле Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларынан келген мугалимдер катышты. Иш-чарага депутаттар Талайбек Масабиров, Мавлюда Калбердиева, Гүлжан Сатиева жана Табылды Муратбеков да катышты.

Эл өкүлдөрү мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, билим берүү тармагын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө келечек муунду окутуп-тарбиялоого кошкон салымы, үзүрлүү эмгеги жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн бир катар мугалимдерге Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары тапшырылды. Ал эми мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон кызматкерлер парламенттин медалы менен сыйланышты.

Депутат Гүлкан Молдобекова агартуучуларга чың ден соолук, ишине ийгилик каалап, алардын коомдун өнүгүшүнө жана келечек муунду тарбиялоого кошкон салымы маанилүү экенин белгиледи.