Жогорку Кеңештин Төрагасы көк бөрү мелдешине күбө болду
Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев, “Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчиси Талант Мамытов жана депутат Улукбек Карыбек уулу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү мелдештерине күбө болду.
Алсак, бүгүн Кыргызстан менен Россия Федерациясынын жана Өзбекстан менен АКШнын көк бөрүчүлөрү беттешип, кызуу оюн көрсөтүштү.
Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү мелдешинде Кыргызстандын, Россия Федерациясынын, Америка Кошмо Штаттарынын, Мажарстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын курама командалары күч сынашууда.