Жогорку окуу жайга өтүү үчүн босого балл өзгөрбөйт

Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн босого упай  өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу Билим берүү  жана илим министрлигинен билдиришти.  Окуучулар онлайн форматта билим алганын эске алып, азырынча жаңы өзгөртүүлөрдү киргизбей туруу чечими кабыл алынды. Босого упай – абитуриенттерди жогорку окуу жайга контракт негизинде кабыл алуу үчүн минималдык көрсөткүч.  Негизги тестирлөө  110 баллды түзсө, предметтикте 60 балл болушу абзел.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X