Жогорку сот эки жаңы санариптик сервисти ишке киргизет

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 132

 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыевге сот тутумунун эки жаңы санариптик сервиси тааныштырылды. Алардын бири судьялардын ишмердүүлүгүнө кесиптик баа берүүгө арналса, экинчиси жарандарга Жогорку соттун жетекчилигинин жеке кабыл алуусуна онлайн жазылууга мүмкүнчүлүк берет.

Судьялардын кесиптик ишмердүүлүгүн баалоо платформасы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин kenesh.sot.kg порталында жайгаштырылган. Анын негизги максаты — жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин жыйынтыктарын бирдиктүү система аркылуу эсепке алуу жана баалоо.

Платформа кесиптик баалоо процессин автоматташтырууга, субъективдүү мамиленин тобокелдиктерин азайтууга жана статистикалык маалыматтарды жалпылоого багытталган. Баалоо кесиптик, жеке жана социалдык компетенциялар боюнча жүргүзүлүп, эң жогорку көрсөткүч 100 баллды түзөт.

Ошондой эле система соттук актыларды автоматтык түрдө туш келди тандоо жана сот отурумдарынын видеожазууларын талдоо сыяктуу объективдүү текшерүү механизмдерин камтыйт. Баалоо үчүн төрт жылдык мезгилдеги маалыматтар эске алынып, судьянын бирдиктүү санариптик иши түзүлөт.

Экинчи сервис жарандарга Жогорку соттун жетекчилигинин жеке кабыл алуусуна белгиленген иш графигине ылайык аралыктан жазылууга шарт түзөт. Электрондук арыздарды иштеп чыгуу кайрылууларды системалаштырууга, уюштуруу иштерин жеңилдетүүгө жана жарандар менен иштөөнү жакшыртууга багытталган.Возможно, это изображение осветительное оборудование и помост

Маалыматка ылайык, эки платформа тең Жогорку соттун Аппаратынын Маалыматтык технологиялар башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан иштелип чыгып, сот тутумун санариптештирүү боюнча жумушчу топтун эксперттик колдоосу менен ишке ашырылган. Бул санариптик чечимдерди өз күчү менен түзүү чыгымдарды оптималдаштырууга, маалыматтык коопсуздукту жогорулатууга жана сервистерди сот тутумунун муктаждыктарына ылайыкташтырууга мүмкүндүк берген.

Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев жаңы санариптик чечимдерге оң баа берип, сот тутуму замандын талабына ылайык өнүгүп, элге жакын болушу жана жарандар үчүн сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн тынымсыз жогорулатып турушу керектигин белгиледи.

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 132
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X