Жогорку сот жарандарды онлайн кабыл алат
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жарандарды онлайн форматта кабыл алуу демилгеси ишке кирди. Алгачкы тесттик кабыл алууну Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев 2026-жылдын 26-ноябрында Ош шаарынан кайрылган жаран менен өткөрдү.
Маалыматка ылайык, жаңы формат борбор калаага жеке келүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандарга сот тутумунун жетекчилигине аралыктан кайрылууга шарт түзөт. Бул жарандардын убактысын жана каражатын үнөмдөөгө багытталган.
Алгачкы онлайн кабыл алууда Ош шаарынын тургуну соттук ишинин узак убакыттан бери каралбай жатканы боюнча арыз менен кайрылган. Медербек Сатыев иштин создуктурулушунун себептерин аныктоо үчүн токтоосуз кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Мыйзам бузуулар аныкталса, жооптуу адамдардын аракеттерине укуктук баа берилиши керектигин белгиледи.
Жогорку соттун Төрагасынын маалыматына караганда, мындан ары ар бир бейшемби күнү жарандарды онлайн кабыл алуу өткөрүлөт. Ага Жогорку соттун жетекчилиги, облустук соттордун, Бишкек шаардык сотунун жана Бишкек шаарынын райондук сотторунун төрагалары катышат.
Ошол эле учурда жарандарды жеке кабыл алуу мурдагыдай эле улантылат. Медербек Сатыев жана анын орун басарлары жума сайын Жогорку соттун имаратында жарандарды кабыл алып келишет.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын тогуз айында Жогорку соттун коомдук кабылдамасында жалпысынан 822 жаран кабыл алынган. Мындан тышкары, жарандарды кабыл алуу ар шаршемби күнү «Ынтымак-Ордо» административдик имаратында да уюштурулуп келет.
Жогорку соттун маалыматына ылайык, жаңы тартип жарандардын сот органдарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, сот тутумунун ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.