Жогорку соттун Пленумунда беш маселе каралды

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48

2026-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин жетекчилиги алдында Жогорку соттун Пленумунун отуруму өттү.

Отурумда кылмыш иштерин токтотуу, экологиялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик, айыпталуучунун коргонуу укугун камсыз кылуу, салык органдарынын чечимдерине даттануу жана ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо маселелери каралды.

Талкуунун жүрүшүндө мыйзамдарды бирдей колдонуу, жарандардын укуктарын коргоо жана соттук практиканы өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылды. Ошондой эле интернетте маалымат таратуу, анык эмес маалыматтарды төгүндөө жана журналисттердин укуктарына байланыштуу түшүнүктөрдү тактоо маселелери каралды.Возможно, это изображение учеба и текст

Күн тартибиндеги беш маселе боюнча токтом долбоорлору талкууланып, көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 2021-жылдан 2026-жылдын тогуз айына чейин Жогорку соттун Пленуму укук колдонуу маселелери боюнча 131 токтомду караган. Анын ичинен 13 жаңы токтом кабыл алынып, 83 токтом күчүн жоготту деп табылып, 35 токтомго өзгөртүүлөр киргизилген.

Кабыл алынган токтомдор мыйзамдарды бирдей колдонууга, соттук практиканын ырааттуулугун камсыз кылууга жана жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону жакшыртууга багытталган.

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X