Жол эрежесин бузгандардын 66 пайызы айып пул төлөгөн

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирген 2019-жылдын 4-октябрынан ушул жылдын 19-майына чейин жол эрежесин бузган айдоочуларга 2 миллион 373 миң 355 токтом толтурулган  Анын ичинен 1 миллион 566 миң 870 токтом боюнча айып пул төлөндү. Бул 66%ды түзөт. 19-майга карата 1 миллиард 728 миллион 921 миң сом бюджетке түшкөн.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X