Жүргүнчүлөрдү кыйнап, өз алдынча жол кире көтөрүп алган учурлар аныкталса…

30-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 55

Майрам күндөрү өз алдынча жол кире акысын көтөрүп алган айдоочуларга карата чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан эскертишти. Ведомствонун техникалык көзөмөлдөө бөлүмү жаңы жыл алдында автобекеттерге барып, Бишкектен аймактарга каттаган маршруттук жана жеке таксилердин айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жүргүнчүлөрдү кыйнап, өз алдынча жол кире көтөрүп алган учурлар аныкталса мыйзамга ылайык тийиштүү чаралар көрүлөрү эскертилди.

30-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 55
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X