Жол куруудагы кемчилик үчүн 200 миң сом айып салынды

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 82

Чапаев – Кегети – Арпатектир унаа жолунун 3,2 чакырым тилкесинде асфальт төшөө иштеринде курулуш талаптарынын бузулганы аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында подрядчы компанияга 200 миң сом айып пул салынып, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмө берилди.

Учурда талаптарга жооп бербеген асфальт катмары толугу менен алынып, жолго асфальт кайрадан технологиялык талаптарга ылайык төшөлүүдө.

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 82
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X